Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:17

Яндарбиевди өлтүргөн делгендер өмүр акырына чейин эркинен ажыратылды


ДОХА. Чеченстандын экс-президенти Зелимхан Яндарбиевди өлтүргөн деп айыпталган Россиялык эки жаран Катардын сотунун чечими менен өмүр акырына чейин эркинен ажыратылды.

Яндарбиев февраль айында Катардын баш калаасы Дохада машинесине орнотулган бомбанын жарылуусунан курман болгон. Катардагы сот "Анатолий Белашков менен Вассилий Богачев бул кылмышты Россия өкмөтүнүн буйругу менен жасаган" деген бүтүмгө келди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн орус өкмөтүнүн бул маселе боюнча көз карашын дагы бир жолу кайталап, аталган эки адамдын кылмышка тийешеси жок, деп билдирди. Ошону менен бирге эле ал Россия соттун чечимин урматтай турганын айтты.

Аталган экөө кол салуу жасалган соң Катарда кармалган. Расмий Москва кийинчерээк алар террорчулукка каршы тапшырма менен Катарда жүргөн чалгынчылары болгонун мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG