Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

СУДАНДАГЫ ГУМАНИТАРДЫК КААТЧЫЛЫК ЖАНА ДҮЙНӨНҮН АЛСЫЗДЫГЫ


1-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Судандын батышындагы Дарфур провинциясында болуп кайтты. Пауэллдин артынан эле калабалуу аймакка келген Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан Судан бийликтерин араб согушчандары же жанжавиддердин кара африкалыктарды кырып-тоноосун токтотууга чакырды. Пауэллдин билдиришинче, Вашингтон тез арада аймакка эл аралык соопчулук уюмдарынын киргизилишин жана жанжавиддердин куралсыздандырылышын каалайт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын Судандагы сапары эл аралык коомчулуктун көңүлүн араб өлкөлөрү ачык айтпай жүргөн дарфурлук мусулмандардын көйгөйүнө бурду.

Жанжавиддер катары белгилүү араб согушчандарынын жортуулу, Адам укугун коргоочу уюмдардын маалыматы боюнча, араб тилин экинчи тили катары тааныган кара түстүү 1 миллиондой дарфурлуктарды жер которуп качууга мажбур кылды.

Коңшулаш Чаддын президенти Идрис Дебунун билдиришинче, өлкөдө азыр бери дегенде 120 миң дарфурлук качкын бар.

Улуттар Уюмунун эл аралык жардам агенттигинин башчысы Андрю Нациостун айтышынча, Судандын батышындагы кырдаал ылдам өзгөртүлбөсө, быйыл эле 1 миллиондой адам өлүшү мүмкүн. Азык-түлүк жардамы тез келген учурда да, 300 миң адамдын өмүрү кыйлаары талашсыз.

Мындай абалга карабай Судандын өкмөтү Дарфурга гумманитардык жардамды өткөрбөй келет.

Аннан жана Пауэлл 1-июлда Дарфурда болгон кезде Судандын өкмөтүнөн гуманитардык кризисти жеңилдеттүүнүн аракетин жасабаса БУУнун Коопсуздук кеңеши катаал чара көрүшү мүмкүн экенин эскертишти.

Колин Пауэлл шейшемби күнү күнү Судандын премьери Омар Хасан ал-Башир менен болгон жолугушууда араб согушчандарынын “жүрөктүн үшүн алган” зулумдуктары өлкөнүн батышында гуманитардык кризисти пайда кылганын, бийлик жүз миңдеген адамдардын башына түшкөн кыйынчылыктарды жеңилдетүүнүн амалын жасабаса, катаал чара көрүлүшү мүмкүн экенин эскертти :

- Эл аралык коомчулук жакын арада бардык багытта аракеттенүү зарыл деген ишеничте. Андай аракет болбосо, эл аралык коомчулук башка чараларды, анын ичинде бул ишке Коопсуздук кеңешин тартууну ойлонуштурат.

Адам укугун коргоочу Human Rights Watch уюмунун Африка бөлүмүнүн жетекчилеринин бири Стефан ван Прахтын пикиринче, Аннан менен Пауэллдин
кысымы жетишсиз:

-Пауэлл айткан сөздөр Дарфурдун шордуу элинде үмүттү пайда кылды. Бирок сөздүн өзү жетишсиз. Судан өкмөтү жанжавиддердин куралдуу топторуна карата эмне чара көргөнүн байкоого алуу зарурат зарылдык. Кошмо Штаттары жана Улуттар Уюму, ошондой эле Африка Биримдиги Судандын жетекчилигине кысым жасап, этникалык тазалоону токтоттуруусу жана бардык гуманитардык жардамды аймакка киргизүүнү талап кылышы абзел.

“THE WALL STREET JOURNAL” гезитинин жазышынча, АКШнын мамлекеттик катчысынын Судандагы сапары бу өлкөдө жүрүп жаткан "кызыл кыргындан" башка да, эл аралык саясаттагы талуу маселени дагы бир ирет айгинеледи. Атап айтканда, дүйнө коомчулугу Улуттар Уюму жана башка уюмдар баса албаган калабаны токтотууну президент Буштун кеңсесинен сурады. Гезит баамдагандай, БУУнун Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ мүчөлөрү Кытай менен Франция Судандагы капиталынын камын ойлоп, катаал чара кабыл алууга каршы. Кеңештин катардагы мүчөлөрү Алжир менен Пакистан мусулман агайиндерин таарынтып алууну каалабайт.
Араб өлкөлөрүн башын бириктирген Араб лигасы майда Тунисте болгон жыйынында Суданда “адам укугун бузуулар” болуп жатканынан учкай айтып тим болгон.

Өткөн айда ырасмий Вашингтон Суданга араб согушчандары тыйылбаса, катаал чара көрүлөөрүн эскерткенден кийин гана, премьер-министр ал-Башир Дарфурдагы жоолошкон тараптарды куралсыздандырылат деп убада кылды. Ал эми жанжавиддердин аракетин мыйзамсыз деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG