Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Ош шаарынын тургундары бүгүн пикетке чыкты


ОШ. Ош шаарында 5 күндөн бери электр жарыгысыз калган Гапар Айтиев жана СМТТ кичи райондорунун жүздөн ашуун тургундары бүгүн нааразылык акциясына чыгышты. Алар шаар бийликтери менен жолугушууда маселе тез арада чечилбесе Ош-Араван автотрассасын бөгөп салыша тургандыгын айтышты. Ал эми жергиликтүү электр тармактар ишканасынын өкүлдөрү электрдин өчүрүлүшү элдин карызынын көбөйүп кеткендиги менен байланыштуу болгондугун жана аны өндүрүү үчүн ушундай кадамдарга барууга аргасыз болуп жатышкандыгын билдиришти. Нааразылык акциясына чыкккандар электр кубаты кайрадан берилген соң таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG