Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Мамлекеттик кызматкерлер камалды


БИШКЕК. Кыргызстандын бир катар министрликтери менен өкмөт үйүндө иштеген 10 чакты мамлекеттик кызматкер кармалды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов ырастап, аларга мамлекеттик сырды ачкан деген айып коюлуп жаткандыгын билдирди. Кармалгандар азыр Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу тергөө абагында сурак беришип, Улуттук коопсуздук кызматы алар иштеген мамлекеттик мекемелердеги жашыруун документтер кандай шартта сакталып, колдонулгандыгын иликтеп жатат. Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы кармалгандар тууралуу кеңири маалымат келерки дүйшөмбүдө берилээрин жана ага чейин алардын аты-жөнү ачык айтылбасын билдирди.

XS
SM
MD
LG