Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

БАГДАДДЫК ЖАШТАР ЕВРОПАГА БАРЫП ЖАШАСАК ДЕШЕТ...


Багдадда тынчтыкты бузуп, аба жарган октун, жер солкулдата жарылган бомбанын үнү басыла элек. Ошон үчүн жаштар көп убактын үйдө өткөрүшөт. Тобокелге салып, көчөгө чыгышса, мечитке намазга барышат же интернет-кафелерде теңтуштары менен кездешет. Спорт клубдар, дискотекалар жана театрлар дээрлик иштебейт.

Багдаддын Мансур маалесинин тургуну Мухаммеддин айтышынча, ал бош убактысында интернет кафеге барат же бильярд ойнойт. Электр кубаты жок күнү кечкисин эч жакка чыкпай үйдө отурат.
Жайкысын окуу жайлар жабык болгондуктан, көпчүлүк жаштар үчүн бош убактыларын зерикпей өткөрүү өзүнчө бир машакат. Айласын тапкандар чылым, суу же газ сатышат. Багддадга улагалаш туруп, жарды шийилер жашаган Садр шаарынын жаштары бош убактыларын көбүн эсе мечитте өткөзүшөт.

18 жаштагы Аббасды кабарчыбыз Багдаддын автопарктарынын биринде 50 градуска жеткен ысыкта билет сатып жүргөндө жолуктурган:

-Биз, жаштар, эмнени каалайбыз? Көңүл ачуучу жайларга, спорттук клубдарга баргыбыз келет, бильярад ойногонду же арзаныраак эс алганды каалайбыз. Биз бийлегенге дискотека болсо жакшы болмок. Бирок ага уруксат беришпейт. Мындай жагдайда биз эмне кылышыбыз керек?

Аббастын айтышынча, дискотекага диниятчылар уруксат беришпейт. Бир нече жыл илгери “Шератон” жана “Меридиан” мейманканаларында дискотека болгон. Бирок Саддам Хусейн аерге жаштарды жолотчу эмес. Азыр шаардагы мейманкалар коалициялык аскерлер күзөткөн чет элдиктерге толгон. Ошон үчүн, дискотека ачылса да, биз үчүн жабык болот деп улантат сөздү Аббас:

- Биз азыр өзүбүздү эс алдык деп сезбейбиз. Жардыруулар болуп жатканда кайдагы коопсуздук. Жардыруу ар жерде болушу мүмкүн. Ошон үчүн, үйдөн чыга албайсың. Биз кечкисин 11 сааттан узакка эч жакка чыкпай үйдө отурабыз. Мурда, таңкы үчкө же төрткө чейин сыртта жүрчүбүз.

Аббастын сөзүнө караганда, Саддам заманында жашоо коопсуз эле. Бирок жашоо азыркыдай кызыктуу болбогон. Букаралар үчүн жашоодон ырахат алганга шарт жок эле:

-Саддамдын бийлиги тушунда бомба жардырган террорчулар жок эле. Лекин, коопсуздук жакшы болчу, эч ким эч бир жайда бомба жардыра алчу эмес. Бирок мен силерге айтып койоюн: Саддам коопсуздукту камсыздоодо гана ийгиликке жетти. Андан башка бардык тармактарды кыйратты.

Аббас андан ары сөзүн улап, Саддам адамдарга Алладан жакшылыкты тилеп, табынгандан башка эч нерсе калтырбады дейт:

- Мен ар секундда өлүп калышым мүмкүн. Ошон үчүн табынгандан артык эч нерсе жок. Бул биздин динибиз. Биз андан башка эч нерсе кыла албайбыз.

Кырктын кырындагы Мохаммед Жасимдин эки баласы бар. “Алар күн бою компьютер ойношот же телевизор көрүшөт. Балдарды сыртка чыгрбай кармоонун андан башка чарасы жок. Аларды жумасына бир жолу базарга алып барып, оюнчук же момпосуй сатып берет да, анан шашыла үйгө кайтышат".

Зияд азыр он төрттө. Ал көчөдө чылым жана минералдуу суу сатат: «Кечкисин электрдин жогун аябай жаман көрөм. Ысыкта эч несе кыла албайсың.
Телевизор да иштебей калгандан кийин, зериккенден башка айлаң калбайт”. Ал кээде интернет-кафеге барып, бирөөлөр менен кат алышса, анда-чанда бильярд ойнойт. Бирок өзү айткандай, интернетке киргенге, билльярд ойногон бекер болбогондуктан, чылымга акчаны араң үнөмдөйт.

Он төрт жаштагы Зияд Ирактан тыш жакка чыга элек. Батыштын жашоосун телевизордон көргөн. Ошол жашоосун телевизордон көргөн батыштыктардай жашасам деп тилейт:

-Европада турмуш Ирактагыдан башка жана жакшы. Силерде жашоо коопсуз, тириликке жетерлик акчаңар жана ажайып клубдар бар. Европада турмуш керемет экенин мен телвизордон көрдүм. Бирок ал жакта боло элекмин.

Зияддын айтышынча, анын курдаштарынын көбү өз келечегине ишенишпейт. Алар Ирактан башка жакка кетүүнү каалашат.

XS
SM
MD
LG