Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

ОРУСИЯЛЫК БАСМА СӨЗ КАБАРЛАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва Аяктап бараткан жумада орусиялык гезит-журналдар Түркмөнстандагы окуяларга жана Кыргызстанда өткөн Москванын күндөрүнө өзгөчө орун бөлүшкөндөй туюлду. Ал эми жергиликтүү окуялардын ичинде ЮКОС мунай компаниясынын айланасында уланып келаткан жаңжал күчөгөн сайын бизнес менен бийлик ортосундагы мамилеге арналган журналисттик изилдөөлөрдүн да көлөмү өсүүдө.

«ЮКОС дээрлик банкротто». Компания айланасында түзүлгөн кырдаалга ушундайча баасын берген «Комменсант-Daily» Орусиядагы экинчи ири мунай компаниясынын тагдыры дээрлик чечилгендигин билдирет.

Ал эми «Известия» басылмасы кабарлагандай, аптанын шейшембисинде чыгарылган соттун чечимин шылтоолоп бейшемби күнү Федералдык салык кызматынын өкүлдөрү куралчан адамдар менен компаниянын башкармалыгына кирип, 99,3 млрд. рубль салыкты тезинен төлөөнү талап кылышкан. ЮКОСтун басма сөз катчысы Александр Шадриндин айтымында, салык топтоочулар компанияга акчаны беш күндүн ичинде берүүнү буйруп кетишти.

«Газета» басылмасы бул туралуу «Эгерде компания беш күндүн ичинде салык министрлигине 2000-жылдан калган 3,4 млрд. доллрды төлөп бербесе, анын мүлкү ачык түрдө сатыкка коюлат» деп жазат. Ошол эле учурда «Министрлик ЮКОСтун мойнуна буга чейинки карыздын үстүнө дагы 3,5 млрд. долларга жакын акчаны эми 2001-жылдын эсебине жүктөп салды» деп кебин улайт «Газета». Басылманын божомолунда, эгерде 2001-жылдан 2003-жылга чейинки мезгил үчүн ЮКОСко тагыла турган салыкты эсептегенде, акыр аягында компания мамлекетке 10 млрд. доллардын айланасында салык төлөп берүүгө тийиш болот.

Анткен менен бир катар басылмалар окуянын мындайча өнүгүшүнө ишеним билдиришпейт. Алар жакында Орусия президенти Владимир Путин ЮКОС тууралуу жасаган билдирүүсүн «мамлекеттик структуралар жерде калтырышпайт» деп ойлошот. Белгилүү болгондой, Ташкенде өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Владимир Путин «ЮКОСтун банкротко учурашына өкмөт да, ырасмий бийлик да кызыкдар эмес экендигин» айткан болчу.

Орто Азия турмушуна арналган макалалар ичинде Түркмөн жергесиндеги окуяларды сынга алган саптар адаттагыдай эле көп кездешти. «Независимая газета» менен «Время новостей» гезиттери Орусиянын Ашхабаддагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Молочковдун кызмат ордунан бошотулгандыгын айтышат.

«Ырасмий маалыматтарга ылайык, Түркмөнстандагы орусиялык элчи ден-соолугу начарлай түшкөндүктөн ишин токтотуп, Москвага жөнөгөн. Ал эми чынында элчинин ишмердүүлүгүнө Орусиянын тышкы иштер министрлиги канаттанбай, аны тезинен кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алды» деп жазат «Независимая газета».

«Время новостей» гезитинин кабарчысы Аркадий Дубновдун ишениминде, Адрей Молочковдун элчилик мөөнөтү учурунда Орусия менен Түркмөнстан ортосундагы алакалар жакшырбай, тетирисинче, түркмөн жериндеги орусиялык атуулдардын укугу андан бетер кордоло баштаган. «Молочков мырза Түркмөнстанда Орусиянын кызыкчылыгын коргой албады жана өзүнүн ийгиликсиз ишмердүүлүгү үчүн көз карандысыз журналисттерди айыптаганга өттү», - деп эсептейт «Время новостей».

Дүйшөмбү күнкү санында «Вечерняя Москва» гезити Кыргызстанда өткөн Москванын күндөрү тууралуу көлөмдүү макаласын басты. Анда айтылгандай «Кыргызстандыктар бул күндү көптөн бери күтүшкөн» экен. «Негизи эле, Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинде Орусияга ык алган эң эле алдыңкы жана аз өлкөлөрдүн катарында турат. Бекеринен орус тили ырасмий статусун алган эмес жана бекеринен кыргыз өкмөтүнүн башында орус улутундагы адам Николай Танаев турган жок. Бул да болсо жогоруда айтылгандарга ачык далил», - деп сүйүнүчү менен бөлүшөт автор.
XS
SM
MD
LG