Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Химиялык куралдардын кесепетине байланыштуу семинар башталды


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөл облусунун Бостери айылында химиялык куралдар колдонулган кезде ишти жөнгө салуу жана куралдын кесепеттерин жоюу аракеттерине арналган эл аралык семинар башталды. Семинарды химиялык куралды колдонууга тыюу салуу уюму, Күтүүсүз кырдаалдар жана Тышкы иштер министрликтери уюштурду. Күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Эмил Акматовдон бүгүн алынган маалыматка караганда, семинарга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын граждандык коргонуу жана санитардык эпидемиологиялык кызматынын 30дан ашуун адистери катышууда. Аларга химиялык куралдар колдонулган кезде кандай аракеттерди көрүү керектигин Швейцариянын химиялык аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери үйрөтүп жатышат. Семинар 9-июлда «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан компаниянын Балыкчыдагы кеңсесинде граждандык коргоонуу боюнча машыгуу менен аяктайт. Анда химиялык заттар колдонулган жайларда коопсуздуктун кандай чараларын көрүү керектиги үйрөтүлөт.

XS
SM
MD
LG