Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:42

ЧЕТ ЭЛДИК ИНВЕСТОРЛОР ЮКОСтон ООЛАКТАШУУДА


Төрөкул Дооров, Москва ЮКОС мунай компаниясынын айланасындагы чатак акыркы күндөрү кескин курчуй баштады. Аны сактап калууга эч кандай аракет көрбөй жаткандыгын сезишкен компаниянын чет элдик инвесторлору эми ЮКОС менен кызматташуудан оолактап жатышат. Бүгүн - 5-июль күнү ЮКОС өзүнүн чет элдик инвесторлорунан алган 1 млрд. доллар өлчөмүндөгү карыз боюнча дефолтко учурашы мүмкүн экендигин жарыя кылды. Айрым аналитиктердин айтымында, ЮКОСтун айланасындагы окуя ушул жуманын ичинде аякташы да ыктымал. Кандайча – ал азырынча белгисиз.

Өткөн жуманын бейшембисинде Орусиянын салык министрлигинин өкүлдөрү куралчан адамдар менен ЮКОС компаниясынын имаратына кирип, 2000-жылы төлөнбөй калды делген 99,4 млрд. рубль карызды беш күндүн ичинде кайтарып берүүнү талап кылышкан. Мунун эртесинде аталган министрлик компаниянын мойнуна 2001-жылдын эсеби боюнча дагы 98 млрд. рублди илди.

Standard & Poor’s эларалык рейтинг агенттиги ЮКОСтун узак мөөнөттүк кредиттик рейтингин дагы бир тепкичке төмөндөтүп салды. Натыйжада, Орус фондулук биржасы менен Москва банктар аралык валюта биржасында компаниянын баалуу кагаздары өтө эле арзандап кетти.

Ал эми өткөн ишембиде өлкөнүн укук коргоо органдарынын бир канчалаган кызматкерлери ЮКОСтун баш кеңсесин тинтип чыгышкан. Аягында ондогон кутучаларга толгон документтер менен электрондук материалдарды алып кетишти. Компаниянын өкүлдөрү бул окуяны «күчкө салынган басым» деп таанышты.

Ал эми өлкөнүн башкы прокуратурасы «тинтүү ЮКОСко тагылып жаткан айыптын негизинде мыйзамдын чегинде гана жүрүзүлгөндүгүн» айтат. Бул окуяга эларалык коомчулук, биринчи кезекте, компаниянын инвесторлору терс мамилесин билдиришти.

5-июль күнү ЮКОС Societe Generate аталышындагы банктардын эларалык консорциумунан жагымсыз кабар алгандыгын малымдады. Ага ылайык ЮКОС аталган консорциумдан алган 1 млрд. доллардык карыз боюнча эми дефолтко учурашы мүмкүн. Андай болгон күндө ЮКОС эми чет элдик инвесторлоруна карызды кайтарып бергенге кудуретсиз деп жарыя кылынат. Андан ары компания бир аптада эле банкротко жетиши мүмкүн.

Александр Шадрин – ЮКОСтун басма сөз катчысы:

-Банкротко карай өнүгүп жаткан чатак өлкөнүн Салык министрлиги жана өкмөт тарабынан атайылап эле жасалып жатат деп ойлойм.

Ал эми мамдуманын депутаты, экономист Михаил Делягиндин оюнда, ЮКОСтогу жагымсыз көрүнүш жалпы эле өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизе баштады:

- Фондулук рынок бул окуяларды начар кабыл алды. Мунун баары Орусия эларалык базарда баркын жоготту дегенге жатат. Орусиялык ишкерлер эми узак мөнөттүк ойлордон кыска мөөнөттүк күн көрүүгө өтүштү. Азырынча бизди мунайга болгон кымбат баа гана сактап турат. Анткен менен мунун пайдасы деле аз. Ушул жылдын башында биздин экономикада өсүш токтоп, кайсыл бир деңгээлде артка жыла баштадык.

Анткен менен бул ойго «Саясий конъюктура борборунун» директору Константин Симонов каршы жана ЮКОСтун банкрот деп жарыяланышына ишенбейт:

- Анын пикиринде, ЮКОС проблемасын чечүүнүн негизги жолу – анын кожоюнун алмаштыруу. Балким, жаңы кожоюн компаниянын атын өзгөртүшү ыктымал, а балким, брендди сактап калышы деле мүмкүн. Кандай болгон күндө деле ЮКОС банкротко учурабашы үчүн «Газпром» өңдүү улуттук ишканага айланышы керек.

ЮКОСтун өкүлү Александр Шадриндин айтымында, ушул тапта компания мамлекет менен жигердүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы катарында ЮКОСко убактылуу, ал карыздарын төлөп бүткөнгө чейин, мамлекеттик ишкана болуп туруу сунушу айтылышы да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG