Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ ЖЫЙЫНЫНАН РЕПОРТАЖ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Эл өкүлдөр жыйыны бүгүн мамлекет башчынын сунушу менен эки министрди, жогорку соттун үч жана областтык, райондук, шаардык соттордун бир нече судьяларын кызматка дайындоого макулдук берүү маселесин кароону баштады. Депутаттар сунушталган судьялардын талапкердигин бирден талкуулагандан соң блютень салуу менен жашыруун добуш берүү чечимине келишти. Добуш берүү шаршемби күнү өткөрүлө турган болду.

Мамлекет башчы Аскар Акаевдин сунушу менен премьер-министр Николай Танаев Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана тышкы соода министрлигине Амангелди Муралиевди, ал эми Эл аралык кызматташтык жана интеграция министрлик кызматына Тажимамат Шаболотовдун талапкердигин сунуштады. Өкмөт башчы эки талапкердин өмүр баянына кыскача токтолуп, алардын талапкердигин колдоону депутаттардан өтүндү.

Депутаттар ишти Жогорку соттун үч жана областтык, шаардык, райондук соттордун баш аягы 36 судьясынын талапкердигин бирден талкуулап, бюллетень салуу менен жашыруун добуш берүү чечимине келишти. Белгилей кетүүчү нерсе, Эл өкүлдөр жыйынынын жазгы сесссиясында депутаттар Амангелди Муралиевдин талапкердигин колдобой коюшкан. Бул жолу сөз сүйлөгөн депуттардын көпчүлүгү Амангелди Муралиев аталган министрлик кызматка татыктуу экендигин айтышып, биринен сала бири анын талапкердигин колдоо зарылчылыгын белгилешти.

Ошондой эле, жыйында жаңы ачылган Эл аралык кызматташтык жана интеграция министрлик кызматы боюнча түрдүү пикирлер айтылды. Аталган министрлик кызматты түзүү зарылчылыгын өкмөт башчы Николай Танаев депутаттарга мындайча түшүндүрдү:

- Аталган министрлик кызмат Кыргызстан менен КМШ жана башка чет өлкөлөрдүн өз ара байланышын чыңдоо максатында ачылды. Мындан сырткары бизде коңшулаш жана башка бир катар чет өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кол коюлган келишимдер бар. Жаңы министрге мына ошол келишимдерди турмушка ашыруу милдети жүктөлөт. Биз буга чейин өкмөт түзүмүн өзгөрткөндө бир катар мамлекеттик мекемелердин санын кыскартканбыз. Ошондуктан, бул министрликти ачууга бюджеттен өзүнчө акча бөлүнбөйт. Бул министрдин бир орун басары, он кызматкери болот.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин жаңы министрлик кызматты ачуу зарылчылыгы туралуу жогорудагыдай сунушун айрым депутаттар колдошкон жок. Маселен, депутат Болот Байкожоев бүгүнкү күнү мындай министрликти ачуунун зарылчылыгы жок экендигин билдирип, «аталган министрликтин ыйгарым укуктарын Тышкы иштер министрлиги деле аткарса болот» деген оюн ортого салды:

- Менин оюмча мындай министрдикти түзүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени түзүмү же портфели жок министр - бул чабарман же элчиге окшоп калды. Бул министрдин милдетин Тышкы иштер министи деле аткарса болот. Мындай министрдик орунду эмне үчүн ойлоп табышты - мен түшүнбөйм.

Дупутат Болот Байкожоевдин жогорудагыдай пикирине айрым депутаттар макул эмес. Маселен Муратбек Мукашевдин айтымында, учурда Кыргызстанга мындай министрлик зарыл:

- Учурда шериктеш өлкөлөр менен иштөө зарылчылыгы пайда болуп жатат. Алар менен экономикалык, инвестиция жана башка тармактар боюнча кызматташтыкты чыңдоо керек. Бул министр мына ушу багытта иш алып барат. Ошондуктан бул минстрлик кызматты ачуу керек деп ойлойм. Анткени мындай министрлик башка өлкөлөрдө бар.

Депутаттар сунуш кылынган минстрлердин жана судьялардын талапкердигин эртең мененки саат ондон кечки саат бештерге чейин бирден талкуулашты. Андан соң бюллетень салуу менен жашыруун добуш берүү шаршемби күнгө жылдырылды.

XS
SM
MD
LG