БИШКЕК. «Электр станциялар» акционердик коому жана USAID агенттиги 6-июлдан баштап электр энергиясын автоматтык түрдө эсепке алуу боюнча жаңы долбоорду ишке ашырууга киришти. Долбоордун максаты - эскирип калган эсептегичтерди жаңылар менен алмаштыруу жана Нарын дарыясындагы ГЭСтер иштеп чыккан электр энергиясын эсепке алуунун бирдиктүү системасын түзүү. Долбоордун алкагында ЕвроАльфа үлгүсүндөгү 37 эсептегич алынды. Алар Токтогул жана Күрпсай ГЭСтерине орнотулуп, иштелип чыккан электр энергиясынын так эсебин бермекчи. Бул тууралуу «Электр станциялар» акционердик коомунан кабарлашты.