Финанысылык шыралгадан эч ким кур калбады, Португалиядагы оюндарга катышкан он алты команданын ар бири алты миллион доллардан байге алат.
Мөөрөй бөлүштүрүүдө буга кошумча ар бир команданын утуштары жана киргизген топтору да саналат. Натыйжада гректер кошумча дагы сегиз миллион, ал эми португалиялыктар беш миллион доллар алышат. Кала берсе мелдеште начар ойноп, биринчи айлампада эле жыдып калган Россиянын командасына да Германия, Хорватия өңдүү өлкөлөр менен бирге баш аягы болуп сегиз миллион долларга чукул сыйлык чегерилет.
Ушундан улам чемпионатта начар ойногону үчүн кайсы бир командаларга өктөө кылганга болобу?-деген собол жаралат.
Дагы бир кызыктуу факт: William Hill букмекер конторасы анын Грекия үчүн байге сайган бир кардалы 332 миң фунт стерлинг акча утуп алгандыгын ырастады (ушул тапта 1 фунт – АКШнын 1,84 долларына тете). Азырынча бул «жолдуу кишинин» аты-жөнү белгисиз, бирок бул күйөрман Грекия үчүн баары болуп 12,5 миң фунт үстөк сайган экен.