Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Тони Блэр кыргын салуучу курал эми Иракта табылбайт го деди


Британиянын премьер-министри Тони Блэр бүгүн парламенттин комитетинде сөз сүйлөдү. Блэр Иракта массалык кыргын салуучу курал табылбашы мүмкүн экенин мойнуна алды:

- Ирак боюнча көзөмөл тобу мындай куралды табат деп ишенгем. Анткени чалгынчылардын маалыматы Иракта ошондой куралдын бар экенин айткан. Биз аны таба албаганыбызды моюнга алыш керек. Балким аны эми эч качан таппайбыз.

Куба аралындагы Гуантанамо жергесиндеги АКШ түрмөсү жөнүндө болсо премьер бул “чектен тыш көрүнүшкө” чекит коюш керек деди. Аралдагы абакта террорист деп шектелген жүздөгөн киши кармалып келатат.

Блэр өз сөзүндө өлкөдөгү мусулмандар маселесине да кайрылып, аларды куру-бекер жаманаттыга калтырбоого чакырды. Британияда эки миллионго жакын мусулман бар.

XS
SM
MD
LG