Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Эл-Барадей Израилде


Бүгүн Атомдук кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Мохаммад эл-Барадейи Израилге келет. Буга байланыштуу жөөт премьер-министри Ариэл Шарон анын өлкөсү азыркы өзөктүк саясатынан баш тартпайт деп билдирди. “Мохаммад эл-Барадейи бул жакка эмнени көргөнү келатат, билбейм”, - деди Шарон.

Израил өз позициясына ылайык өзөктүк куралынын бар экендигин ырастагысы да келбейт, төгүнгө чыгаргысы да келбейт. Бирок эл аралык эксперттер Тел-Авив ошондой куралга ээ деген ишенимде. Шарон болсо Израилдин өзөктүк саясаты өзүн актаганын, андан тайбай турганын кайталап келатат.
Израил өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кошулбагандыктан, БУУнун инспекторлоруна өзөктүк программасына байланыштуу түшүндүрмө бербей коюуга акылуу.

XS
SM
MD
LG