Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

АКАЕВДИН МОСКВАГА ИШ САПАРЫ, МЕКЕНГЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК, КЕДЕЙЛИК КЕМТИК ЭМЕС


Президент А.Акаевдин Москвага иш сапары кыргыз басылмаларында кызуу талкууга алынды. Айрым байкоочулардын айтымында, Москвада эки өлкөнүн экономикалык-саясий мамиле-катышы, эмдиги жылдагы президенттик шайлоо туурасында кеп болгон. Чоң жолугушуудан аз мурда Кыргызстанда 10 киши мекенге чыккынчылык кылгандыгы үчүн кармалганы маалымдалган.

Антип эки маселенин өзгөчө кызыгуу жаратышынын жүйөөсү бар. «Москвада В.Путин менен А.Акаевдин жекече сүйлөшүүсү болду. Эмнени айтты, эмнени койду – азырынча аны эч ким билбейт», деп жазат шейшембидеги «Агым» гезитинде журналист Жеңишбек Эдигеев.

Автордун болжолунда, ортого салып чечип алчу маселелер толтура. Жакындап келаткан президенттик шайлоо, «Кант» менен «Ганси» авиабазалары. А.Акаев Москвада жүргөн чакта Кыргызстанга АКШнын Монтана штатынын чоң өкүлчүлүгү келди. Эки өлкө ортосундагы достук, кызматташтык, берилип аткан жардамдар тууралуу кеп болду. Ушундан улам өлкө президентинин аракети – чырпык ташып үй курган чабалекейдей карааны көз алдыга калкып келет, деп белгилейт Жеңишбек Эдигеев.

«Президент азыр жанталашып мураскерликке өз адамын, керек болсо үй-бүлөсүнөн бирөөсүн калтырууга жанталашып жүргөн учуру,- дейт Жыпар Жекшеев гезитте жарыяланган пикиринде. – Себеби А.Акаев бийлигин акыйкат жол менен эч качан өткөрүп бербейт».

«Путин менен Акаев эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтуу кыйын,- дейт депутат Кубатбек Байболов.- Эгер боолголосом, анда сөзсүз түрдө эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты чыңдоо, экономикалык маселелер талкууланды. Бул биринчиси. Экинчиси, Кыргызстанда бийлик тагдыры кандай болот дешип алдыдагы президенттик шайлоо боюнча кеңири пикир алышып, чоң сөз жүрдү».

Ушул эле темага шейшембидеги «Кыргыз туусу», «Эркинтоо» гезиттери да кайрылган. «Эркинтоо» гезитинин маалымдашынча, президент А.Акаев жубайы экөө В.Путиндин күлүк чапмай оюнун көрүшүп, кечинде Чоң театрдагы балет спектаклине барышкан.

«Кыргызстан лидери өзүнүн жылдыздуулугу менен башка өлкөлөр менен кызматташууну жолго коюуда кайсы бир башка мамлекеттин жетекчиси бүткөрө алгандагыдан кыйла көп иштерди жасай алган саналуу гана өлкөлөрдүн биринен болуп саналат», деп кабарлайт гезит.

Басылманын жаңы санында академик Б.Мурзубраимовдун «Кедейлик кемтик эмес, бирок андан арылуу – парызыбыз» деген макаласы жарыяланган. «Ар бир кыргызстандык атуул… жакырчылыкты жоюуга өз салымын кошуп, өзү бардар турмушка жетишкендер өз жыргалчылыгын ойлой бербестен, башкаларга колун сунуп, бул жашоонун маңызы – жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүп, ошондон каниет алуу экендигин түшүнүүсү зарыл», деп жазат автор.

Айрым малымдоо каражаттары Өкмөт үйүнүн, Каржы, Тышкы иштер министрликтеринин жооптуу кызматкерлери кармалды деп жазганы карандай калп экенин «Слово Кыргызстана» гезити ырастады. Гезиттин жазганына ынансак, Ички иштер министрлигинен 4 кызматкер, Улуттук коопсуздук кызматынан 4 офицер, ошондой эле Коргоо министрлигинин жооптуу кызматкери кармалган.

Канттагы семент-шыйпыр заводунун жеке колго сатылып кетишинин азарын эми тартып жатышат деп маалымдайт Геннадий Кузьмин «МСН» гезитинде жарыяланган макаласында. Комбинат жеке колго өткөндөн кийин баштагы убадасын унутуп, сементтин баасын көтөрүп, анын салакасын табигый кырсыктан жапа чеккен атуулдар гана тартышууда. Өкмөт өзүмбилем ишкананы мыйзам талабын сактоого чакырган токтом чыгарып, аны көзөмөлдөө жоопкерчилигин министр милдетин аткаруучу Амангелди Муралиевге табыштаган.

Ош шаарынын тургундары жарыкты жалпы өчүрүүгө нааразылык билдирип, автожолдорду тосууга чыгышканын Александр Ким менен Юрий Груздов «Түштүктөгү электржаңжалы» деген макаласында баяндаган.
XS
SM
MD
LG