Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:24

АЙЧЫРАЙЛУУ МАРИЯ ШАРАПОВАНЫН КЕЛКЕЛИ


Төрөкул Дооров, Москва http://gdb.rferl.org/16A50451-9301-430F-A9D9-B39EC4D197F8_w203.jpg Өткөн жумада «Чоң теннис» оюнунун алкагында Уимблдон таймашы соңуна чыкты. Анын жыйынтыгы теннис дүйнөсүндө чоң сенсация жаратты. Кылымды карыткан Уимблдон таймашында алгачкы ирет тарыхта орусиялык оюнчу кыз жеңишке жетишти.

Өткөн ишембиде дээрлик баардык британиялык жана орусиялык ири гезиттер Мария Шарапованын сүрөттөрү менен ага арналган көлөмдүү макалаларын жарыялашты. Шараповага татыктуу аныктама ойлоп табуу үстүндө журналисттер арасында күрөш да баштагандай туюлду.

Мария Шарапова Уимблдон турниринде өткөн жылы жеңишти колго алган америкалык Серена Уильямсты 6:1 жана 6:4 эсебинде жеңип алды. Ошентип, орусиялыктар биринчи жолу Уимблдонду колго алышты. 1970-жылы эки орусиялык спортчу Ольга Морозова менен Александр Метревели финалга чейин жетип, андан ары көтөрүлүшкөн эмес.

Андыктан, Мария Шарапованын жеңиши Орусияда жалпы өлкөнүн жеңиши катары кабыл алынды.

- Шарапова муну өзү да жакшы түшүнөт. менин Уимблдондогу жеңишим Орусия үчүн чоң үмүт десем да болот, - дейт ал.

Белгилүү болгондой, өткөн айда орусиялык теннисчи Анастасия Мыскина Парижде өткөн «Ролан Гаррос» таймашында жеңишке жетишкен эле. Орусиялык кыздардын дүйнөлүк теннистеги ийгиликтери тууралуу теннис боюнча СССРдин көп жолку жеңүүчүсү Анна Дмитриева төмөнкүлөрдү айтат:

- Биздин кыздардын теннис оюнунда жасаган илгери кадамдары көптөрдү таң калтырууда. Акыркы күндөрдөгү чоң ийгиликтерди, чынында, күткөн эмеспиз жана бул үчүн атайын бир аракеттерди көргөн эмеспиз. Болгону өлкөбүз кең жана анда таланттуу адамдар көп. Анын үстүнө оюнчуларга бул жолу өздөрүн көрсөтүүгө эч ким алакыт болгон жок, - дейт теннис боюнча СССРдин көп жолку жеңүүчүсү Анна Дмитриева.

Мария Шарапова 17 жашта. Анын атасы жети жаштагы кызын жетелеп, бир кезде Орусияны таштап, АКШнын Флорида штатындагы теннис академиясына жөнөйт. Ал кезде Мариянын үй-бүлөсү акчанын тартыштыгынан көп кыйынчылыктарга кабылган. Бирок баары бир кызынын теннистеги талантына ишенген Юрий Шарапов чөнтөгүндө болгону 500 доллар акча менен Америкага жол алат. Арадан он жыл өткөндөн кийин кызы Мария дүйнөлүк теннисте сенсация жаратты.

- Уимблдондо ойноо менин жашоодогу эң чоң үмүтүм болчу. Андыктан, ким менен ойноо керек деген суроого анча деле маани бербептирмин. Бирок мен Серена менен таймаштым жана аны жеңдим, мындан өткөн бакыт жок болуш керек! - деп сүйүнүчүн жашырбайт Мария.

Оюндун биринчи бөлүгүндө Мария Шарапова өзүнүн атаандашынын алдыңда ишенимдүү аракеттерин даңазалап, анын жүрүшүнө көз салышкан байкоочулардын айтымында, психологиялык үстөмдүктү колго алды. Кийинчерээк, биринчи бөлүктү 6:1 эсебинде жыйынтыктагандан соң экинчи бөлүгүндө бир аз кыйынчылыктарга учурады. Эки-үч ирет Серена теннистеги өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөтүп, топ ыртыгуу ыкмасында Шарапованын шайын кетирип койду. Бирок Шарапова андан коркуп калган жок. Ал ошол эле замат Серенанын да талылуу жактарын байкай коюп, топту чабуунун башка ыкмасын, Серена торго жакындаган кезде, топту анын башынан өйдө ашыра ыргытуу ыкмасын колдоно баштайт. Бул ыкма Серенанын башын айландырып, эки ирет Марияга упай топтоого мүмкүнчүлүк берет.

Акыр аягында, таймаштын экинчи бөлүгү да 6:4 эсебинде Шарапованын жеңиши менен аяктады. Оюн бүтөөрү менен Мария көрармандардын арасында олтурган атасы Юрийди көздөй чуркады.

- Бул окуяны толук түшүнүү үчүн дагы убакыт керек ойшойт. Бирок кызым жеңишке жетишти, демек, баары ушундай болушу керек эле, - деп сүйүнүчү менен бөлүшөт Мария Шарапованын атасы, ошол эле учурда теннис боюнча машыктыруучулардын бири Юрий Шарапов.

Уимблдон - дүйнөлүк теннисте жашы боюнча эң улуу жана абройлуу турнир катарында таанымал. Анын баш байгеси жана 1 млн. доллар алгачкы жолу орусиялык теннисчиге берилди. Шарапова бул акчаны кайрымдуулук үчүн сарптай тургандыгын билдирди. Өзүнө болгону бир автоунаа ала тургандыгын айтат.

17 жашында дүйнөнүн 8-мыкты теннисчисине айланган Мария Шарапованын эмки максаты – дүйнөнүн биринчи теннисчиси наамына жетишүү. Андан сыткары, мода бизнесине да салым кошсом деп үмүттөнөт.
XS
SM
MD
LG