Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:55

ИРАКТАГЫ АЗ САНДУУ АРМЯН ЖАМААТЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Эми «Дин жана коом» аттуу салттык берүүбүздүн кезектеги чыгарылышына назар салыңыздар. Иракта ушул тапта азганактай болсо да армян жамааты байырлайт. Соңку согуш маалында алардын турмушу да кыйынчылык менен өттү. Ошого карабастан, алар көөнө замандан берки динин сактап, армян чиркөөсү аркылуу жамааттык тиричилигин кечирүүдө.

Багдаддын ал-Жадириййа аймагындагы армян чиркөөсүнө башпаксаңыз, демейдегидей сыйынуу жөрөлгөсүнө туш болоор элеңиз. Армяндар бул чиркөөдө табынган чакта, тынччылык, коопсуздук жана бакыбат турмуш каалашат. Демек, башка диндеги замандаштарынан алардын айырмасы деле жок.

Багдад чиркөөсүн тейлеген диниятчы Нарег Ишханяндын айтымында, армян жамаатынын өкүлдөрүн Ирактын ар кыл чөлкөмдөрүнөн кезиктире аласыз:

- Биздин жалпы саныбызга келсек, тээ түндүктөгү Заху шаарчасынан түштүктөгү Басрага чейинки аймакта 20 миңден ашуун армян жашайт. Заху, Мосул, Багдад жана Киркук шаарларынын ар биринде чиркөөбүз жана диниятчыбыз бар. Армяндардын көпчүлүгү Багдадда турат. Ордо шаарда 10 миңден 12 миңге чейинки сандагы армян байырлайт.

Армяндар Эки Дарыя аралыгына мындан бир нече кылымдар мурда эле агылып келе баштаган. Алардын соңку ири толкуну Биринчи дүйнөлүк согуш маалына туш келди. Алар Ирактагы саясий окуяларды башкалардай эле коогалаңдуу кырдаалда баштан кечирди. Саддамдын режими маалында, өзгөчө 1990-жылдары, чакан армян жамааты да кыйла запкы тартты. Эң бай армян ишкерлеринин байлыгы тартып алынган учурлар болду.

Өлкөдөгү армян аялдарынын тээ 1927-жылы уюшулган кайрымдуулук уюму бар. Анын расмий аталышы – Армян аялдарынын Ирактагы жакырларга жардам берүүчү Жамааты. Бул кайрымдуулук уюму армяндардын чиркөөсү менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт. Бул уюмдун жетекчиси Гладис Богосян айымдын айтымында, өлкөдө жакырлардын саны кескин көбөйүп кетти:

- Ушул тапта согуштун айынан ишибиз чачтан көп болуп жатат. Биз жакырларга азык-түлүк жана дары-дармек бөлүштүрө баштадык.

Армяндардын чиркөөсү ар кыл улуттун өкүлдөрүнө жардам берет. Албетте, чиркөөнүн көмөгүн алууга муктаж армяндар азыркы дүрбөлөңдүү кырдаалда улам көбөйүп жатканы түшүнүктүү. Маселен, аялдардын алиги уюмунда иштеген Эглантина Симон айым өз үй-бүлөсүнүн кем-карчын бүтөөдө бул чиркөө кыйла жардам бергенин «Азаттыктын» ушул тапта Багдадда жүргөн кабарчысы Валентинас Мите мырзага ыраазы болуу менен айтты:

- Биз кедей бүлөбүз. Армян чиркөөсү күйөөмө иш таап берди. Ал чиркөөдө иштейт. Мен гана түгүл, чиркөөгө көмөк сурап кайрылган кишинин баары анын жардамын алып жатат. Чиркөө эч кимдин көңүлүн калтырган жок.

Бирок бул сөздөн улам ирактын армяндардын чиркөөсүнүн жана жамаатынын телегейи тегиз деп жыйынтык кылуу да болбос. Кабарчыбыз Мите менен жолуккан айрым армяндар өздөрүнүн ким экенин айтпоону өтүнүп, ушул тапта армян журтчулугу да ыркы кетип турганын билдиришти. Алардын маалыматына караганда, Саддам Хусейндин өкүмү жүргөн кезде анын режими менен тыгыз кызматташып, өзүнүн далай улутташтарынын убалына калган айрым армян саясатчылары дагы эле чоң кызматтарды ээлеп келишет, бирок армян жамаатынын ишениминен эчак эле кол жуушкан. Мындай төбөлдөр чет жакадан келип жаткан кайрымдуулук жардамын үлөштүрүүдө өз көмөчүнө күл тартып, коррупцияга белчесинен батты деп айрым улутташтары тарабынан сынга алынууда.
XS
SM
MD
LG