Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Улуттук банктын төрагасынын отчету күзгө калды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасы Улуттук банктын 2003-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымдаган Улан Сарбановдун отчетун жактыруу жөнүндө да, жактырбоо тууралуу да чечим кабыл алган жок. Бирок Эл өкүлдөрү отчётту күзүндө кайра карайлы деген чечимге келишти. Депутаттар Сарбановдун берген отчетуна ынанбай, Улуттук банкта финансылык тартип бузууларга жол берилгенин, өлкөдө инфляциянын өсүшүнө көзөмөл кылбаганын жана башка кемчиликтерин айтып чыгышты. Улуттук банктын жана улуттук банктын төрагасынын отчетун күзүндө талкулоо сунушу менен Эл өкүлдөр жыйыны 20- сессиясын аяктады. Кезектеги сессияны сентябрь айында өткөрүү чечимин кабыл алды.

XS
SM
MD
LG