Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Ооганстанда шайлоочуларды каттап жүргөн аял курман болду


КАБУЛ. Ооганстанда шайлоочуларды каттап жүргөн аял машинеси минага чалдыгып, курман болду. Нангархар провинциясында болгон бул окуяда машиненин айдоочусу жана шайлоо өнөктүгүнүн дагы бир аял кызматкери жараат алды. Провинциянын полициясы мина алыстан башкарылып, жардырылганын айтат.

Күзүндө өтө турган шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн көптөгөн кол салуулар жасалууда. Бул Нангархарда шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө жардам берип жаткан аял кызматкерлерге бир эле айдын ичинде жасалган экинчи кол салуу. Коопсуздук камсыздалбагандыктан жана шайлоочуларды каттоо өтө жай жүргөндүктөн, добуш берүү июндан күзгө калтырылган.

XS
SM
MD
LG