Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

ЭРКИН КҮРӨШ ЭРЛЕРИ


Польшада өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештен кыргызстандык балбандар жеңиш менен кайтып келишти. Катар мамлекетинде өткөн Азия олимпиадалык кеңешинин башкы ассамблеясына өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев катышып келди.

Польшанын Тихий шаарында Целковскийди эскерүүгө арналган эркин күрөш боюнча эл аралык турнир 7- июлда аяктады. Анда кыргызстандык үч жигит мөрөй талашып, экөө байгелүү орунду ээледи. Ушул мелдешке балбандарды баштап барган эркин күрөш боюнча улук машыктыруучу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Кенжебек Өмүралиев мындай дейт:

- Афинага барчу үч жигитти сындан өткөрүү үчүн бардык. Алар ишенимди актап, экөө байгелүү орунга жетти. 60 кг. салмакта жаштар арасында дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Ал эми 96 кг салмакта өлкөнүн намысын коргогон Алексей Крупняков жарым финалга чыкты. Бир-ар жаракат алып калгандыктан алдыдагы Афина олимпиадасындагы таймашууларды ойлоп, экинчи орун үчүн күрөшкө чыгарган жокмун. Бул мелдешке 15 өлкөнүн балбандары катышып, олимпиаданын алдында өз даярдыгын сынап көрүштү. Чыныгы күч сынашуулар алдыда.

Эми Афина олимпиадасына жолдомо алып, Кыргызстандын намысын коргоочу үч балбан Киевдеги спорт борборунда Орусия, Казакстан, Украина, Белорусиянын балбандары менен бирге машыгууга барууга даярдык көрүп жатышат.

Кыргызстандык спорт адистеринин айтымында жакшы даярдык көрсө Афина олимпиадасында жаштар арасында дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан менен Азиянын 14-оюндарынын күмүш байге ээси Алексей Крупняковдон үмүт кылса болот.

Ошондой эле Афина олимпиадасына барууга камынып, жолдомо алган оор атлетчи Улан Молдодосов Америка Кошмо Штаттарынын Мэриленд шаарында өткөн студенттердин дүйнөлүк биринчилигинде 85 кг. салмактагы жигиттерден баш байгени жеңип, алтын медаль тагынды. Улан жулкуп көтөрүүдө 152,5 килограммды багындырып, 187,5 кг. түртүп көтөргөн. Жалпы жыйынтыкта Улан Молдодосов 340 кг. салмакты көтөрүү менен дүйнөлүк студенттердин чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.

Түркиялык жана Казакстандык жигиттер Уландан кийинки экинчи жана үчүнчү орундарды камсыз кылды. Улан Молдодасов өткөн жылы Италиянын Павия шаарында болгон студенттердин дүйнөлүк чемпионатында коло байгени уткан. 8-июлда АКШдан келген Улан Молдодосов устаты Үсөн Майназаров менен 9-июлда Токтогулга бийик тоолуу аймакта машыгууга жөнөп кетти.

1-июлдан 7-июлга чейин Катар өлкөсүнүн Доха шаарында Азия олимпиада кеңешинин генералдык ассамблеясы болуп, анын ишине өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев катышып келди. Ушул кеңешмеде кандай маселелер каралганы тууралуу Эшим мырза мындай деди:

- 2006-жылы Катардын Доха шаарында Азиянын 15-оюндары өткөрүлөт. Даярдыкты, жаңы курулуп жаткан спорт жайларды көрсөтүштү. Азия олимпиадалык кеңешинин жетекчилери отчет беришти. Афина олимпиадасынын уюштуруу комитетинин өкүлдөрү келип, Азия өлкөлөрүнүн делегацияларынын камылгалары тууралуу кеңешти.Ошондой эле 2010- жылы Азиянын 16-оюндарын өткөрүүгө талапкер болгон шаарлардын ичинен Кытайдын Гуанчжоу шаары жеңишке жетип, Азия оюндарын өткөрмөк болду. Бул шаар Кытайдагы эң бир спортко көңүл бурган олимпиадалык борборго айланган аймак. Афина олимпиадасынан кийин Ысыккөлдө сентябрда Азия өлкөлөрүндөгү кыз-келиндер спортунун көйгөйлөрүнө арналган кеңешме өткөрүүгө макулдашып келдик. Ошондой эле Ысыккөлдө Азиялык олимпиадалык борбор түзүү демилгесин көтөрүп, алдын ала сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк.

ми футбол тууралуу. Кыргызстандын футбол боюнча 13-чемпионатынын 13-турунун жыйынтыгы боюнча Нарындын «Дордой-Динамо» командасы 31 упай менен алдыда баратат. Экинчи орунда Бишкектин «СКА-Шоро» командасы келатат. Былтыр өлкөнүн чемпиону болгон Карасуунун «Жаштык-Ак алтын» командасы 24 упай менен үчүнчү катарда турат. Жогорку Лигада өлкөнүн чемпиондугу үчүн 10 команда күч сынашып жатат.

Ошондой эле Карабалта шаарында 1989-жылы туулган өспүрүмдөр арасында өлкөнүн футбол федерациясынын кубогуна жана коомдук, мамлекеттик ишмер Акматбек Сүйүнбаевди эскерүүгө арналган мелдеш аяктады. Бул мелдеш алтынчы ирет өткөрүлүп, ага 7 облустун жана Бишкек шаарынын командалары катышты. Натыйжада финалга Жалалабад жана Ош облусунун командалары чыгып, 2:0 эсебинде оштук өспүрүмдөр баш байгени утуп алышты. Жалалабад экинчи, Ысыккөл облусунун жаш футболчулары үчүнчү орундарды камсыз кылышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG