Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Агахан төртүнчү Ошто болду


ОШ. 10-июлда Агахан төртүнчү Ошто болду. Ал иш сапар учурунда өзүнүн фондунун эсебинен өткөн жылы курулуп бүткөн "Агахан-Ош" мектебинде болуп, андагы окутуунун өзгөчөлүктөрү жана окуу мекемесинин ички маселелери менен таанышты. Мындан сырткары Агахан фондунун Ылай жана Чоңалай райондорунда ишке ашырылып жаткан тоолуу аймактарды колдоо программасынын негизинде түзүлгөн долбоорлордун жетекчилери менен жолугушту. Агахан мектебинин ичинде болуп өткөн атайын жыйынга белгисиз себептерден улам жергиликтүү журналисттер киргизилген жок. Принц Карим Агаханды өкмөт башчы Николай Танаев, президенттин кызы Бермет Акаева жана башка расмий адамдар коштоп жүрүштү.

XS
SM
MD
LG