Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

А.Акаевдин шайлоого катышуу укугу Конституциялык сотто каралат


БИШКЕК. Жакынкы күндөрү Конституциялык сот мамлекет башчы Аскар Акаевдин Башмыйзамдын жаңы редакциясынын негизинде 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга укуку барбы, деген талаштуу маселени карайт. Бул тууралуу Костициялык соттун судьясы Качыке Эсеналиев билдирди. Анын айтымында, сот жараянына Мыйзам чыгаруу жыйынынын өкүлү катары депутат Азимбек Бекназаров, ал эми Эл өкүлдөр жыйынынан Баяман Эркинбаев катыша турган болду. «Учурда Конституциялык сот талаштуу маселе боюнча материалдар менен таанышууда. Андан соң материалдар Азимбек Бекназаров менен Баяман Эркинбаевге берилет. Материалдар депутаттарга берилген күндөн он күндөн кийин аталган маселе Конституциялык сотто каралат» деп кошумчалады судья Качыке Эсеналиев.

Эске сала кетүүчү нерсе, мындан бир нече ай илгери Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов кош палатанын Мыйзамдуулук жана конституциялык түзүлүш комитеттерине «Конституциянын жаңы редакциясынын негизинде мамлекет башчы Аскар Акаев 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга укугу барбы» деген суроо менен кайрылган. Чотоновдун мындай суроосуна Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети «Аскар Акаев келээрки шайлоого катышууга укугу жок» деген, ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын комитети «Аскар Акаев шайлоого катыша алат» деген бүтүм чыгарган. Буга байланыштуу Чотонов маселенин башын ачып берүүнү өтүнүп, Конституциялык сотко арыз жолдогон.

XS
SM
MD
LG