Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

АЗИЯ ӨНҮГҮҮ БАНКЫ ЭШИГИН КЕНЕН АЧТЫ


9-10-июль күндөрү Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Анда банктын өлкөдө ишке ашырып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат берилип, коомчулук менен банктын ортосундагы байланышты күчөтүү жөнүндө сөз болду.

Он жыл ичинде Азия өнүгүү банкы тарабынан Кыргызстанга 532 миллион 700 миң доллар кредит түрүндө, 31 миллион 500 миң доллар грант түрүндө каражат берилген. Мунун бардыгы социалдык секторду жакшыртууга, табигый кырсыктардын алдын алуу жана транспорт, байланыш тармагын, каржы системасын өнүктүрүүгө багытталган.

Жолугушуунун негизги максаты - коомчулукту банктын иши менен кабардар кылуу жана ошол эле учурда, ишке ашырылып жаткан долбоорлорго бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жумшалып жаткандыгына элдин жардамы менен көзөмөл жасоого аракет болуп саналат.

Ошондуктан жолугушууга чакырылган атуулдук коомдун өкүлдөрүнө маалымат алмашуу саясаты тууралуу долбоор талкууга берилди. Жолугушуу жөнүндө Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ашраф Малик мындай деди:

- Бул жолугушуу маалымат алмашуу саясаты боюнча Азия өнүгүү банкы иштеп жаткан өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан 12 семинардын бири болуп саналат. Анткени коомчулук менен маалымат алмашып иштөө банк үчүн да, түрдүү долбоорлор ишке ашып жаткан өлкөлөр үчүн да пайдалуу.

Жолугушууда атуулдук коомдун өкүлдөрү тарабынан банктын маалымат саясатын жургүзүүгө бир топ сунуштар айтылды. Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиеваы угалы:

- Маалымат эки жактан тең болушу керек. Атуулдук коом тарабынан берилген маалыматтар менен иштеп, ошол эле мезгилде, элге да банктын аткарып жаткан жумуштары, долбоорлору тууралуу маалымат берилип турушу зарыл.

Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ашраф Маликтин сөзү боюнча айтылган сунуштардын бардыгы жыйналып, банк тарабынан иштелип чыгат жана кийинки долбоорлордо алар эске алынат.

Ошондой эле, А.Маликтин айтымында ар бир долбоор түзүлөр алдында эл менен бийлик өкүлдөрү кеңешип турушу керек:

- Долбоор даярдалып жаткан убакта кеңешчилер коомдун бардык катмары: коомчулук менен, бийлик өкүлдөрү менен кеңешүүгө милдеттүү. Мындан тышкары бардык кызыккан тараптар: донорлор, мамлекеттик уюмдар жана долбоордун үзүрүн көрүүчү тарап менен дагы анын пайда, зыяны тууралуу сөз болот. Андан кийин долбоор Азия өнүгүү банкынын директорлор кеңешинин кароосуна коюлат.

«Интербилим» коомдук уюмунун төрайымы Асия Сасыкбаеванын сунушу:


-Банк тарабынан жасалган иштер тууралуу отчёттор да ачык болуш керек. Отчёт берген учурда атуулдук коомдун өкүлдөрү, бизнесмендер, мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү да чакырылуусу зарыл. Ал тургай долбоор ишке ашкан айыл, шаарлардын жашоочулары да чакырылышы керек. Анткени алар долбоордун аткарылып атканын көргөнү менен жыйынтыгын, кандай сапатта жасалгандыгын билишпейт. Биз жасалган иштердин отчётун укпасак, долбоорлордун кандай аткарылгандыгына баа берүү да кыйын.

Банк тарабынан берилген каражаттардын максаттуу жумшалуусуна көзөмөл катуу жүргүзүлөт дейт Азия өнүгүү банкынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Роб Саламон:

-Азия өнүгүү банкынын долбоорлору иштеп жаткан өлкөлөрдө бөлүнгөн каражат өз максатынан бөлөк жакка иштелип же коррупциянын жемине айланып жаткандыгы билинсе, банк дароо ошол өлкө менен байланышын үзөт. Бүгүнкү сөз болуп жаткан маалымат алмашуу саясатынын дагы бир максаты -бөлүнгөн каражаттын туура сарпталуусуна көзөмөл жүргүзүү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG