Өлкөнүн басма сөз каражаттарында бир топ чуулгандуу макалаларды жаратып, атүгүл Жогорку Кеңештин каоосуна дейре жеткен "Импаш-Манас" соода-мейманкана комплексинин чырына кыргыз өкмөтү тарабынан чекит коюлду. Кыргыз өкмөтүнүн мындай кескин чечим кабыл алуусуна эки тараптуу келишимдин так аткарылбай, андагы көрөстүлгөн талаптардын одоно бузулгандыгы себеп болду. Мына ушундай эле тагдыр малазиялык "Сафуан Берхард" финансы группасы тарабынан сатып алынып, реконструкциялоо иштери жүргүзүлө турган "Бишкек" мейманканасын да бүтүп жатат. Мурда кол коюлган келишимге ылайык сатып алынган объектилердин куруу мөөнөтү узарып кетсе Кыргыз өкмөтү аны кайрадан мамлекеттик менчикке алып коюу маселеси каралган эле. Мына ушул келишимде көрстүлгөн жоболорго ылайык Кыргыз өкмөтү бул объектилерди мамлекеттик менчикке кайра алууга мажбур болгон. Бул кырдаалга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков төмөндөгүдөй баа берди:
- Башынан эле "Импаш-Манасты" биздин футбол талаасына алып келген туура эмес болгон. Биринчиден, биздин мыйзам одоно бузулган. Указ, мыйзам менен сатылбачуу талаа чет өлкөлүк фирмага сатылып кеткен. Проекти бүтө электе эле кура башташкан. Ал жер стратегиялык жер. Ал жерге 12-15 этаждуу мейманкана курулмак. Мурда ал жерде жабык Ленин атындагы завод бар болчу. Заводду кайра иштетүү үчүн Орусия менен келишим түзөлү деп аткан болчу. Эгерде жанында бийик мейманкана түзүлгөндө, ал завод иштегенге мүмкүнчүлүгү жок болмок. Менин таңкалганым "Импаш- Манаска" 5 жакшы сунуш кылынган жерге бирөөнө да моюн бербей, ошол жерди алабыз деп биздин эң жакшы футбол талааны талкалап коюшкан. Ошол кезде "Кадырбеков туура эмес кылды, инвестор келатканда токтотту деп менин артыман чоң сын-пикирлер айтылды. Бирок турмуш көрсөттү, бул фирманын келечеги кандай болгонун. Белгисиз жаткан чыгып аткан акчанын бул жака которулуп пайда кылганынын оюну болчу, - деди Ишенбай Кадырбеков.
Буга дейре өлкөдө чет элдик инвесторлорго иштөө үчүн ылайыктуу шарттар жаратылбай, аларды тартуу иши жанданбай келет деген сын пикирлер айтылып келинсе, бул көрүнүш ал пикирлердин карама-каршылыктуу жагын көрсөттү. Өлкөнүн маанилүү объектилерин арзан сатып алган чет элдик инвесторлор мындай кырдаалды өздөрү жасалма түрдө шарттап, андан соң бир кыйла убакыттын өтүшү менен ошол эле текейде арзан алынган объектилерди кымбат баада башка кожоюндарга сатып жиберүү мисалдары да бар экендигин адисттер айтууда. Кыргыз өкмөтү мына ушул жагдайдан улам чет элдик инвесторлорго сатылган объектилерди катуу көзөмөлгө алууну өлкөнүн мамлекеттик курулуш комиссиясынын чет элдик байланыш жана курулуш иштериндеги инвестиция мамлекеттик департаментине тапшырган эле. Бул кырдаалдын түзүлүшүнө аталган мамлекеттик департаменттин солгун көзөмөлү да түздөн-түз таасирин тийгизген. Азыркы күндө кыргыз өкмөтү эки тараптуу келишимди аткарбай, курулуш иштерин артка тарткан малазийлык финансы группасын сотко берүүгө даярданып жатат. Малазиялык финансы группасын Кыргызстанга алып келүүгө түздөн-түз кызмат өтөгөн Кыргызстандын Малазиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов бул кырдаалга мындай баа берди:
- Азыр соттук процесс башталып атат. Кичине коё туруу керек болуп атат, анткени закон боюнча алардан эч ким ала албайт. Себеби алардын контракты, макулдашуусу бар.
Ал эми бул маселеге карата өз оюн Кыргыз Республикасынын менчикти башкаруу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасары Азизбек Мадумаров:
- Азыр Бишкек мейманканасы боюнча "Сафар берхард" фирмасы өзүнүн алган милдеттемелерин аткарбаган үчүн биз сотко кайрылдык.
Кыргыз өкмөтү мындан ары да өз келишимдерине ылайык милдеттеме алган, бирок аны өз мөөнөтүндө так аткарбаган чет элдик инвесторлорго каттуу талапты кескин билдирди.