Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

ОЛИМПИАДАГА БАРЧУ ДЕЛЕГАЦИЯНЫ ПРЕЗИДЕНТ КАБЫЛ АЛДЫ


Дүйнөлүк коомчулук күткөн Афина олимпиадасынын оту бир айдан кийин жанат. Дүйнөнүн 200дөн ашык мамлекеттери олимпиадага кызуу даярдык көрүп жатышат. Өлкөнүн президенти Аскар Акаев 13-июлда Афина олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулар менен жолугушту.

Атланта олимпиадасынан бери өлкөнүн спортчулар менен президенттин жолугушуусу салтка айланган. Алыска аттанаар алдындагы бааралашууда президент Аскар Акаев олимпиаданын байыркы тарыхынан кеп салып, спорттун бул кыймылы дүйнөнү кучагына алуу менен тынчтыктын, достуктун символу болуп калганын белгилеп мындай деди:

- Эгемендүү өлкө болгону Атланта олимпиадасында Кыргызстан өз алдынча команда катары катышса, Сиднейдеги олимпиадалык оюнда алгачкы коло байгелүү болгон. Эми Афинада сиздердин араңыздардан олимпиадалык бийиктикти багындырып, өлкөнү таанытуучулар чыгаарына ишенип турам. Себеби Кыргызстандык спортчулардан совет доорунда 9 жолу олимпиадалык алтын байгени жеңип алышкан. Ушул саамалыкты быйылкы олимпиадачылар кайталайт деген үмүт бар.

Президент Акаев мамлекеттин туусун Афинага алып баруш үчүн Азиянын оор атлетика боюнча 2 жолку чемпиону, Сидней жана Афина олимпиадаларынын катышуучусу Митал Шариповго тапшырды.

Өлкөнүн намысын Афинада коргоочу спортчулардын атынан Митал Шарипов сөз сүйлөп, олимпиадачыларга ай сайын стипендиясы өз убагында берилип, машыгууларга каражат бөлгөнү үчүн президентке, өкмөт башчысына ыраазычылык билдирип, мындай деди:

- Мени жана менин курбуларымды үчүнчү ирет олимипиадалык оюндарга узатып жатасыз. Афинада өлкөнү таанытып, байгелүү орундарды жеңип алууга аракет кылабыз.

Афинага барчы 27 олимпиадачыларды даярдаган устаттардын атынан жолугушууда грек-рим күрөшү боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов сөз сүйлөп, өлкөдө балдардын спорт мектептерине көңул бурулбай, алардын саны кыскарып баратканын, Ысыккөлдөгү бир пансионатты Кыргызспорт комитетинин карамагына берүү менен олимпиадалык борборго айландыруунун зарылдыгын жана эмгек сиңирген машыктыруучу, спорт чебери наамдарынын баркын көтөрүү керектигин айтты.

Президент менен жолугушууда белгилүү марафончу, Кыргызстандын спортуна эмгек сиңирген чебер Ирина Богачева мындай деди:

- Ушундай кыйын учурга карабай өкмөт тарабынан спортчулар колдоого алынууда. Жыл сайын казынадан миллиондогон сом каражат бөлүнүп, кийинки 4 жылда 39 млн. сом берилди. Былтыр эле 117 мелдеш өткөрүлүп, жолдомо алууга мүмкүн болгон турнирлерге бардык. Эми Кыргызстанды Афинада даңазалоого аракет кылабыз.

Ошону менен бирге белгилүү жеңил атлетчи Ирина Богачева президент Аскар Акаевге олимпиадачылардын атынан төлгө катары кубок тапшырды.

Кыргызстандын улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Эшим Кутманалиев өлкөнүн олимпиадалык кыймылына кошкон салымы үчүн Азия Олимпиадалык Кеңеши президент Аскар Акаевди «Алтын олимпиадалык орден» менен сыйлаганын жарыялап, Азия Олимпиадалык Кеңешинин президенти Аль-Сабах шейхтин өтүнүчү боюнча орденди Аскар Акаевге салтанаттуу ыйгарды.

Жолугушуунун акырында президент Аскар Акаев олимпиадачыларга ак жол, ийгилик каалап, жеңүүчүлөргө алтын медаль үчүн 50 миң доллар, күмүш байгеге 30 миң жана коло медаль үчүн 20 миң долларлык байге берилээрин айтып, олимпиадачылар менен чогуу эстелик сүрөткө түштү.

Жолугушууга федерациялардын жетекчилери, спорт чиновниктери катышып, олимпиадачыларды даярдаган машыктыруучулардын жоон тобу президент менен жолугушууга кирбей, сыртта калышты. Бокс боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, олимпиадачы Айбек Абдымомуновдун устаты Бейшен Сабатаров бул жагдай тууралуу мындай деди:

-Эң аянычтуусу биз сыртта калдык. Бозала болгон бала болдук. Мына Уран Калиловдун атасы, устаты Жусуп байке да турат. Биз келсек, тизмеде аты-жөнүбүз да жок экен. Биз олимпиадачыларды даярдасак, анан жолугушууга кирбей калганга ичиң күйөт экен. Эми олимпиадага барабызбы? Ал дагы чечиле элек, бараарыбыз да күмөн. Эгерде өзүбүз даярдаган балдардын жанында жеке машыктыруучулары болсо, балким байгелүү орундарга илинип калат беле деген үмүт бар?!
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG