Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

“Элет” партиясы маалымат жыйынын өткөрдү


ОШ. 13-июль күнү болуп өткөн маалымат жыйынында губернатор, "Элет" партиясынын лидери Накен Касиев келе жаткан шайлоолордо депутаттыкка талапкерлигин коёрун, ал эми президентикке коюу жөнүндө бир чечимге келе электигин билдирди. Өзүнүн мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн "Элет" партиясы менен байланыштырган Накен Касиев партия саясий мүнөзү боюнча центристтик позицияны тутунаарын жана келе жаткан шайлоолордо эч кандай саясий тандемдерге бирикбей тургандыгын жарыя кылды.

Саясий өнөктүктөр учурунда партиянын каржылоо булактары кандай болот деген журналисттердин суроосуна партия лидери алардын катарында бир дагы бай олигарх жок экендигин, саясий жеңишке жетүүдө бир гана калкты карандай колдоосуна ишене тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG