Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Жаратылыш кырсыгы айттырбай келет


БИШКЕК. 11-июлда Ысыккөл облусунун Көкжайык капчыгайында Жапониялык 72 жаштагы турист Муроми Сусуми аттан жыгылып, ооруканага жетпей жан берген. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Ушул эле күнү Ысыккөлдөгү Григьеровка капчыгайындагы Чоңаксуу дарыясындагы көпүрө кыйрап, 14 жаштагы эки кыз сууга агып кеткен. Алар Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе атындагы совхоздон көл боюндагы лагерге эс алууга барышкан. Бир кыздын сөөгү табылып, экинчисиникин куткаруучулардын тобу издеп жатат. Ал эми аба ырайынын кескин өзгөрүп, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам өзөн, дарыялардын көлөмү көбөйүп сел жүрүү коркунучун пайда кылууда. Аларча, Аламүдүн өзөнүндөгү суу 50-60 куб метрге көтөрүлүп, кырдаалга Бишкек шаарынын мэриясы менен өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы көз салып турушат. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG