Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Британиянын чалгын кызматынын ишинде олуттуу кемчиликтер болгон


ЛОНДОН. Британияда өлкөнүн чалгындоо кызматынын материалдарын иликтеп чыккан комиссия чалгынчы мекеменин ишинде олуттуу кемчиликтер болгондугун билдирди. Комиссиянын айтымында, өкмөттүн "Иракта кыруучу куралдар бар деген маалыматын" айныксыз тастыктаган таныктар табылган жок. Мындай маалымат өкмөттүн Иракка каршы согуш ачуусуна себеп болуп берген. Комиссиянын башчысы Фредерик Батлер буларды баяндады:

- Биз Ирак химиялык жана биологиялык куралдын ири өлчөмүнө ээ болгон эмес. Өлкө андай куралдарды колдонуууга ниеттенген да эмес,- деген тыянакка келдик, - деп айтты.
Ошону менен бирге эле, комиссия Тони Блэрдин өкмөтү чалгындоо кызматынын маалыматын бурмалаган эмес, деген бүтүм чыгарат.

XS
SM
MD
LG