ЖАЛАЛАБАД. Облустун 69 миң гектар эгин аянтында 322 комбайн дан эгиндерин чаап, жыйноодо. Запастык тетиктердин жоктугу менен эскиргендикден 112 комбайн эгин талаасына чыга алган жок. Чүй, Ысыккөл облустарынан жардамга келген комбайндар буудай бышкандыктан өз аймагына кетишти. Дыйкандар планда белгиленгендей 65 миң эгин тонна жыйнаса, облус дан менен 75% камсыздалат. Мындай маалымат 15- июлда областык бийликтен алынды.