Албаниянын парламенти коммунисттик түрмөлөрдө туткун болгондорго 15 доллардан 50 доллрга чейин компенсация чегерүү жөнүндө мыйзам кабыл алды. Бул каражатты ай сайын 10 миң адам алары белгилүү болду. Айрым оппозициячыл маанайдагы депутаттар айына берилчү акчанын аздыгына нааразы болушуп, кеңешме залды таштап чыгып кетишкен. Бул мыйзам долбоор коммунисттик маанайдагы социалдык партия тарабынан сунушталган. Эскерте кетели, Албания 1944-1990 жылдары коммунисттик доорду башынан кечирген.