ТАЛАС. Грецияда өтүүчү олимпиадалык оюндарга даярдык көрүү программасынын алкагында өткөрүлүп жаткан бул фестивалга күрөштүн аталган эки түрү боюнча Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын балбандары катышып жатышат. Фестивалдын ачылышы Талас шаарындагы “Жаштык” стадионуна Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиевдин ысмын ыйгаруу жана Талас облусунда спортту өнүктүрүүнүн ардагерлерине олимпиадалык төш белгилерин тапшыруу аземи менен коштолду.