Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Түштүктөгү үч облусттагы өкмөттүк эмес уюмдар тажрыйба алмашуу форумун өткөрүштү


ЖАЛАЛАБАД. Форум социалдык шарты оор Көкжаңгак шаарында өттү. Үч облустун бейөкмөт уюмдары өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүн арттыруу жана социалдык маданий тармактарга көмөктөшүү маселесин талкуулашты. Жыйында белгиленгенге караганда, мамлекеттик эмес уюмдар жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын кайтарымсыз каражаттары аркылуу жумушсуздук менен жакырчылыкты азайтуу, социалдык башка маселелерди чечүүгө пайдасын көп тийгизип жатат. Бирок, бийлик менен бизнес уюмдар бейөкмөт уюмдарды колдобой, материалдык-техникалык базасы начар, четки райондордогу уюмдар маалыматтан артта калууда. Жалалабад облусунда катталган 600 уюмдун 153ү иштеп, былтыр облуска 3 млн. сом грант алып келишкен.

XS
SM
MD
LG