Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Ошко Түштүк Кореядан дарыгерлер тобу келди


ОШ. Түштүк Кореянын бет-жаак хирургиясы боюнча үч күнгө келишкен дарыгерлери Ош облустук ооруканасында туубаса нышан төрөлгөн балдарга акысыз операция жасашууда. Учурда Ош, Жалалабад жана Баткен облустарынан бардыгы болуп 66 оорулуу кайрылып, Түштүк Кореялык медицинанын жардамы менен алардын бет-жаак сөөктөрүндөгү кемчиликтерди оңдоо аракеттери жүргүзүлүп жатат. Кореялык адистер жергиликтүү дарыгерлердин көмөгү менен 20дан ашуун оорукчан балдарды дарылашууда. Оорукананын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Абдырахман Эшалиевдин айтымында, дары-дармекке кеткен 20 миң дооларлык чыгымды да кореялык тарап өзүнө алган. Дарыгерлердин гуманитардык жардам көрсөтүү демилгеси эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин өз ара макулдашуусунун негизинде ишке ашырылууда.

XS
SM
MD
LG