Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

Индиянын мектебинде болгон өрткө байланыштуу төрт шектүү киши камакка алынды


КУМБОКОНАМ/ИНДИЯ. Мектепте өрт чыгарып, 90дой баланын өлүмүнө себепкер болгон деген шек менен Индиянын Тамил Наду штатында төрт киши камакка алынды. Камакка алынган мектеп ашпозчусу жана дагы төрт кызматкер шалаакылык кылып, өрттүн чыгышына себеп болгон деп шектелип жатышат. Расмий маалыматтарга караганда, мектептин ашканасынан чыккан өрт мектептин камыш чатырына жармашып, бат эле бүткүл имаратты каптап кеткен. Өрттө 88 бала өлгөн, алардын айрымдары, 6 эле жаштагы кичинекей балдар эле. Бүгүн Кумбоканам шаарында өрттө курман болгон балдарды жайына койуп жатышат.

XS
SM
MD
LG