Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

СПИДден САКТАНУУНУН ЖОЛУ БАР, ДАРЫСЫ ЖОК


Лимон сыяктуу жөнөкөй бир нерсе аялдарды ВИЧ-вирусунан коргой алабы? Же миллиондогон адамдардын өмүрүн жайран кылган жугуштуу оорунун жайылышын эркектерди сүннөткө отургузуу аркылуу кыскартса болобу? Ушул жана башка толгон-токой маселелер Бангкокто аяктаган СПИД боюнча эл аралык конференцияда кеңири талкууланды.

ЭҢ оболу ВИЧ-вирусу негизинен 3-4 жол аркылуу жугушу мүмкүн экенин эсиңиздерге сала кетели. Айыккыс СПИД дартына алып барчу бул кооптуу вирус жыныстык катнаштан, оорулуу киши пайдаланган медициналык шприцтен, же боюнда бар аялдан баласына, ошондой эле эмчек сүтү аркылуу энеден ымыркайга өтүшү мүмкүн.


Бул дарттан айыктырчу дары табыла элек, колдо барлары болгону оорулуунун саламаттыгын бир аз жакшыртып, жашоосун аз болсо да узартууга гана жарайт.

Соңку он жылдан ашуун мезгилде эле дүйнө жүзүндө 30-40 млн дой адамдын өмүрүн жуткан СПИД дартын ооздукташ үчүн догдурлар азыркы тапта презервативдерди колдонуп, бет алды жыныстык катнаштардан карманууну колдон келишинче үгүттөп жаткан кез. Бирок, ушул аптада Таиланддын борбору Бангкокто өткөн эл аралык жыйында айтылгандай, бул чаралар айрыкча аялдарды айыккыс жугуштуу оорудан калкалай албайт. Конференцияда СПИДге каршы күрөшүүнүн жаңы технологияларын сунуш кылган Зеда Розенберг буларга токтолду.

- Азыркы тапта бул ооруну өз күйөөсүнөн, же башка бир адамдардан жуктурган аялдар көп болууда. Көпчүлүк учурларда аялдар өзүлөрү боюна болтуруудан сактангандыктан, аргасыздан ВИЧ-вирусунун курмандыгына айланып жатышат.


Зеда Розенберг эмки иликтөөлөр – ымыркай наристелердин саламаттыгы үчүн жоопкер аялдардын организмин коргоо жагына көбүрөөк көңүл бурушу керек деп белгиледи. Бангкоктогу эл аралык конференцияда Германия жана Австралиялык адистер тобу аялдарды ар кандай микроб-вирустардан коргой турган дары майлар даярдалып жатканын маалымдашты. Башында лимонду эскере кеткенибиз да бекеринен эмес, жыйында Мельбурн университетинин илимпоздору кадимки лимондун суюлтулган ширеси баштапкы деңгээлдеги ВИЧ-вирусун өлтүрө аларын аныкташканын билдиришти. Алардын изилдөөсү байыркы замандарда айрым Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде аялдар боюна болтурбаш үчүн лимон, же акиташты колдонуп келгени жөнүндөгү маалыматтарга негизделген.


Түштүк Африкалык илимпоз Куррайша Абдул Карим – алардын изилдөөлөрү – ВИЧ-вирусунун жайылышына – эркектердин сүннөткө отургузулушу да бөгөт боло аларын көрсөтүп жатат деп кабарлады. Бирок, бул чара – СПИДдин кеңири арышын токтото албайт, болгону кээ бир учурларда опуртал вирусту жуктуруудан сактай алат экен.

- Башкача айтканда, колдо бар далилдер – эркектерди сүннөткө отургузуу – коомдук саламаттыкты коргоочу курал боло албарын көрсөтүүдө, - деди СПИДдин коркунучу улуттук проблемага айланган Түштүк Африкалык окумуштуу.


Америкалык адистер сойкулар арасында атайын наркотик кошулган дары таратып, аны ВИЧ-вирусунан коргоо ыкмасы катары текшерип көрүшкөнүн, аз-маз пайдасы байкалган андай аракет бирок, жаш аялдардын ден-соолугуна залал келтириши мүмкүн экенин эскертишти.

Ошентип, Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, адамзаттын келечегине массалык кыргын салуучу куралдан кем эмес коркунуч келтире баштаган СПИД дартын ооздуктоонун ар кандай жолдорун издөө аракеттери көрүлүп жатат. Өкүнүчтүүсү, андан биротоло айыктырчу дары табыла элек, ошондуктан догдурлар ар ким өз алдынча сактанышы керек деп кеңеш беришет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG