Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: Саддам – оюнчук. Жапон жергесиндеги келемиштер...


Багдаддын көчөлөрүндөгү оюнчук дүккөндөрүндө бийлеп жаткан Саддам Хусейн эң өтүмдүү товарга айланды.калды. Албетте, бийлеген Саддамдын өзү эмес, анын куурчак көчүрмөсү. Диктатор азыр бийлеп-ырдамак турсун, аман калуунун амалын издөөдө. Айдын башында Ирактын трибуналы анын сот ишин карай баштады. Куурчак болсо алгач былтыр эски режим кулатылганда сатыла баштаган. Көпкө чейин ирактыктар канына сиңген коркуу сезимине алдырып, оюнчукту сатып алуудан чочулап турушту. Анын ордуна Усама бин Ладен же Жорж Буштун бийлеген куурчактарын артык көрүшчү. Декабрда Саддам туткундалгандан кийин оюнчуктун сатылышы кескин көбөйдү дешет дүкөн кожоюндары.



Дүйнөнүн ири шаарларында келемиштер көбөйүп баратат. Жапониянын баш калаасы Токиодо болсо алардын саны гана эмес, кылыктары да өзүнчө эле бир проблемага айланды. Шаардын жетекчилиги маалымдагандай, келемиштер өзгөчө карылардын үйлөрүн байырлаганды жакшы көрүшөт. Көпчүлүк даттангандар - карыялар. Жергиликтүү бир гезиттин жазганына караганда, айрым учурларда келемиштер, ал түгүл, кишинин жууркан-төшөгүн уялап алышат экен.
Абышка–кемпирлер тамак аштын калдыктарын эшиктин түбүнө коюп коюшат эмеспи. Балким дал ушул үчүн жаныбарлар карыларды тандашат.



Жалгыз гана келемиштер эмес, илбирстер да чоң шаарларга коркунуч туудурат экен. Индиянын каржылык борбору Мумбаи (мурдагы Бомбей) өлкөнүн бешинчи ири калаасы. Анын калкы дээрлик 16 миллионго жетет. Соңку кездери метрополиянын айланасындагы чытырман токойлордо жашаган илбирстердин адамдарга кол салуусу көбөйдү. Быйыл эле жырткычтардын колунан 14 киши ажал тапты. Алардын ону - июн айынын ичинде набыт болду. Илбирстер улуттук парктарда жашашат. Эки жылдан бери алар парктардын айланасындагы айыл-кыштактарда ит-мышык жана башка жандыктарга кол сала баштаган. Илбирстер адамдардын өмүрүнө да коркунуч туудура баштагандыктан, шаар мэриясы 500дөй чочко менен ондогон койонду токойго жеткирүүнү чечти. Жырткычтар курсагын тойгузуп, адамдарга тийбейт деп үмүттөнөт Мумбайдын жетекчилиги.



Голливуддун жылдызы, маркум Марлон Брандо гезиттер жазгандай анча деле кедей эмес экен. Ал өзүнүн урпактарына 22 миллион доллар мураска калтырыптыр. Брандо актердук карьерасын 1944-жылы Бродвейдеги театрда баштаган. Жаш артистти Голливуддун режиссерлору байкап калышат. Ошондон бери Брандо бир эле жолу театралдык сахнага кайтып келди. 1972-жылы Фрэнсис Копполанын “Godfather” – “Киндик ата” тасмасы жарык көрдү. Мафиянын ана башы Вито Корлеоненин ролу Брандого экинчи “Оскар” сыйлыгын алып келди. Бирок Брандо индейлерге карата саясатка нааразылык билдирип, сыйлык тапшыруу салтанатына барбай койгон. Брандо 1-июлда 80 жаш курагында көз жумган.



Кытайда башка цивилизациялуу өлкөлөрдөй эле сулуулук салондору жамгырдан кийинки козу карындардай жайылып кеткен. Кызыгы, алардын кээ бирлери жалаң эркектерди тейлейт. Бээжиндик 37 жаштагы Су Хин айына эки жолу сулуулук борборуна барып, лаванда, сандал кошулган май менен массаж жасаттыраарын баяндайт. Ошондой салондор эркек кардарларга көздүн алдындагы бырыштарды алып салуудан баштап салмагын азайтуу программасына чейинки кызмат сунуш этишет. Косметикалык операциялар да өтө популярдуу. Ноябрда болсо кытайлык эркектер алгачкы сулуулук конкурсуна катыша алышат.



12-июлда чилилик акын Пабло Неруданын 100 жылдыгы белгиленди. Бул датага карата анын мекендештери дүйнөдөгү эң узун ыр жазышты. Нобель сыйлыгынын лауреаты Неруда туулуп өскөн Валпараисо кыштагында бетине ыр жазылган 2 километрлик болотнай көргөзмөгө коюлду. Аны жазууга ондогон акын катышты. Бул чыгарма Гиннес рекорддор китебине кирип калышы ыктымал. Неруданын өз аты Нефтали Рикардо Рейсе Басуалто. Ал 1904-жылы мугалимдердин үй-бүлөөсүндө туулган. Бирма, Индия, Цейлон, Жапония жана башка өлкөлөрдөгү дипломатиялык миссияларда эмгектенген Неруда 40-жылдары марксизм иделарына кызыга баштап, коммунисттер партиясына кирет. Чили өкмөтү менен конфронтацияга барган акын Мексикага баш пааналап кетет. 1971-жылы Неруда бүтүндөй континенттин тагдырын чагылдырган поэзиясы үчүн Нобел сыйлыгына татыган.
Акын 1973-жылы Сантьягодо оорудан көз жумган.

XS
SM
MD
LG