Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Армитиждин Бишкекке сапары АКШнын Кыргызстанга саясатын тактады


БИШКЕК. «АКШ Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга карата стратегиясын өзгөрттү. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиждин Кыргызстандагы сапары ошондон кабар берип турат», деген пикирин бүгүн бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов "Азаттыкка" билдирди.

Байсаловдун айтымында, "АКШ эларалык терроризмге каршы күрөшүү менен Борбор Азиядагы мамлекеттердин адам укуктарын, демократияны өнүктүрүү аракетине карата мамилесин өзгөртүп, кош стандарттын негизинде кызматташып калды" деген көз карашты жокко чыгарууда. Аны АКШнын Өзбекстанга карата мамилеси айгинелейт.

«Муну менен АКШ Борбор Азиядагы мамлекеттер антитеррористтик коалицияны канчалык колдобосун, ал үчүн адам укуктары менен демократиянын өнүгүүсү кымбат экендигин көрсөтүп, чөлкөмдөгү мамлекеттерди мына ошого умтулууга үндөөдө», -дейт Эдил Байсалов.

Ричард Армитидж кечээ президент Аскар Акаев менен жолугушуудан кийин Ганси авибазасын туруктуу кармоого караганда АКШ менен Кыргызстандын аскерий-техникалык кызматташтыгынын туруктуулугу маанилүү деп билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG