Эске сала кетүүчү нерсе, мындан бир ай мурун 9-июнда Талас облусунун Жонарык айлынын тургуну Афтандил Тынышев 1996-жылы сатып алган кашардын сот чечими менен мыйзамсыз түрдө «Табылды» дыйкан чарбасына берилип калгандыгына нааразылык билдирип, пикетке чыккан болчу. 24-июнь күнү Жогорку сот талашка түшкөн кашар тууралуу ишти карап, чырды Тынышевдин пайдасына чечкен.
Бул чечимге нааразы болгон экинчи тарап - «Табылды» дыйкан чарбасынын 20дан ашуун мүчөлөрү балдары менен 19-июль күнү Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Алардын бири, «Табылды» дыйкан чарбасынын мүчөсү Эркинбек Атабековдун айтуусунда, Жогорку соттун чечими менен кашарга ээлик кылууга мүмкүнчүлүк алган Афтандил Тынышевдин чарбага эч кандай эмгеги сиңген эмес:
- Биздин жамааттын бардык мүчөлөрү 50-60 жылдан ашуун чарбага эмгек сиңиришкен. Ал эми Афтандил Тынышев чарба мүчөсү эмес. Жонарык айлынын гана жашоочусу. Азыр бул жерде пикетте тургандардын эң аз иштегени отуз жыл иштеп, эмгек сиңирген.
«Табылды» дыйкан чарбасынын жетекчиси Рыскул Шабданбековдун сөзү:
- Кашар колхоз тараганда жамааттарга берилип, алгач «Эсенбай» жамаатынын карамагына өткөн. Андан Тынышевге мыйзамсыз сатылып кеткен. Ошондон тарта чатак басылбай келет. Анткени Тынышев четинен сата баштаган. Биз улам соттошуп, акыры ээ болгондон кийин, өзүбүз оңдоп-түздөгөнбүз. Эми оңдоп, баарын калыбына келтиргенден кийин, кайра ээ боло калып отурат.
Чырлуу кашардын талашка түшкөнүнө сегиз жылдын жүзү болгон. Ошондон бери тогуз жолу сотто каралып, баары «Табылды» дыйкан чарбасынын пайдасына чечилип келген.
Пикетчилерге өкмөттүк аппараттан жана президенттик администрациядан өкүлдөр чыгып жолугушту. Президенттик администрациянын өкүлү Таласбек Өмүрзаков пикетчилердин нааразылыгы менен жетекчилерди тааныштырып, териштирүүгө убада берди. Бирок пикетчилер иш оң жагына чечилмейин эч жакка кетпейбиз деп көшөрүштү.
Бул пикет кашар маселеси тууралуу чыккан биринчи нааразылык акциясы эмес. Угармандарга белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы Нарындан, Ысыккөл аймагынан, Оштон жана Таластан кашар чыры тууралуу маселелер көп көтөрүлдү. Укук коргоочу Азиза Абдурасулова дыйкандардын бири-бирине каршы болуп, алыскы айылдардан келип, Өкмөт үйүнүн алдына кайра-кайра нааразылык акцияларына чыгуусу - соттордун акыйкатсыз жана шалаакы иштегендигинин натыйжасы.