НАРЫН. Учурда Нарын облустук социалдык фондуна облус жалпысынан 53 млн. сом карыз. Бул жөнүндө Нарын облустук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Кубат Абдырахманов билдирди. Анын айтымында, облустук социалдык фонд ала турган 53 млн. сомдун 20 млн. сомун Жумгал районунун мекеме ишканалары бере элек жана Акулак көмүр разрезинен 16 млн. сом алына элек. Андан сырткары Нарын району 13 млн. сом, «Чыгыш электр» тармактар ишканасы 12 млн. сом бересе. Бул береселер облустук социалдык фонддун жарым жылдык отчеттук коллегиясында белгилүү болду. Коллегияда 67 млн. сомдун ордуна 70 млн. сом чогултулса да жогорудагыдай береселер бар экендиги айтылып, Нарын жана Атбашы районунун пенсияларды чектөөчү борборлоруна эскертүү берилди.