Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар Кыргызстанды сындоодо


БИШКЕК. Бүгүн Адам укуктары боюнча эл аралык федерация Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташуу кеңешинин 13-июлда Брюсселде болгон алтынчы жыйынына байланыштуу маалымат таратты. Анда уюм Кыргызстанда адам укуктарын бузуунун көптөгөн фактыларын көңүл сыртында калтырбоону кызматташуу кеңешинен талап кылган. Эл аралык федерациянын президенти Сидики Каба өз сөзүндө: «Кыргызстанда адам укугун коргоочулар куугунтукталып, басма сөз жана жыйналыш эркиндиктери дайыма бузулууда, Европа Биримдиги бул аракеттерди ачык айыпташ керек» деп белгилеген.

Быйылкы жыл ичиндеги адам укуктарын бузуу фактылары катары федерация «Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюмунун мүчөлөрүнүн Ысыккөлдө куугунтукталганын, Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаевдин чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгонун, 15-апрелде Куловдун тарапкерлеринин жөө жүрүш акциясынын күч менен таратылышын, «Пирамида» телеканалынын ишинин үзгүлтүккө учуратылышын жана башка фактыларды келтирген.

XS
SM
MD
LG