Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

А.АКАЕВДИН ИШ САПАРЫ, СУЛАЙМАНДЫН «АЛИППЕСИ», КҮКҮКТӨГӨН ДАЙРАЛАР


Президент А.Акаевдин Ош жана Жалалабад облустарын кыдыруусу ийгиликтүү өткөнү маалымдалды. АКШнын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Бишкекке келип кетти. Аскерий сот Ички иштер министринин буйругун жокко чыгарып, кызматтан алынган транспорт милициячыларын ишине койду. Саратан жай чилдесинде Кыргызстанда көнөктөп жамгыр төгүп, тынч аккан сайлар күкүктөп кирип, кыйла элдин тынчын алды.

Кошмо штаттардын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Ричард Армитиждин Кыргызстанга иш сапарында кандай маселелер козголгонуна 20-июлдагы «МСН» гезити да токтолду. Басылманын ырасташынча, Кыргызстанда демократиялык өнүгүүгө кедергисин тийгизчү биртоп тоскоолдор бар. Мындай жагдай өлкөгө чет эл инвестициясынын агылып киришине да зыянын тийгизет.

Анткен менен өлкөдө жарандык коомдун активдүүлүгү артууда. Адамдар өз тагдырын өздөрү чечүү аракетин жасашууда. Шайлоону ачык жана эларалык стандарттын талабына ылайык өткөрүү ынтаасы күчтүү, деп белгилейт «МСН» гезити.

Ички иштер министри өзүнүн буйругу менен ИИМдин транспорт башкармалыгын жоюп, анда иштегендерди бошотуп койгон. Нааразы болгон эмгек жамааты министрдин буйругун жокко чыгаруу өтүнүчү менен аскердик сотко кайрылып, жеңип алышканын Елена Скородумова «Өзүм билем министр утулуп калды» деген кабарында маалымдаган. Министр буйругу менен жоюлган кызматты мурунку өкмөт башчы, азыркы парламент депутаты Курманбек Бакиевдин биртууган иниси жетектечү.

Журналистикага кесиптик чеберчиликтен куржалак калган үйрөнчүк калемдер арбын кирип жатканын, ошондон өзүнө-өзү талап кое билүү абыдан төмөндөп кеткени Вячеслав Тимирбаевдин «Шумдук ачылыштардан дагы канчасы бар…» деген макаласында козголгон.

Кайсы бир өкмөттүк гезит өлкөнүн жылдык бюджети анын ички дүң продуктунан ашып кеткенин жазат, деп маалымдайт макала автору. Дагы бир басылма Кыргызстанда карылардын саны көбөйүп, иштеп аткан 1 кишиге алар бирден туура келерин олуттуу жаңылык катары жазып чыкты, дейт Вячеслав Тимирбаев.

Казакстанда тамекиде иштеп жүргөн кыргызстандык атуулдардын оор абалы Дания Рашидованын «Коңшулар сөзгө келгидей. А бизчи?» деген макаласында козголгон. Тамеки өстүрүүгө республика боюнча 3 миң ашуун киши керек болсо, Кыргызстандан 11 миңден көп адам казак талаасында иштөө үчүн барып алышкан.

Кыргызстандыктардын жүйөөсү, өз жеринде тамеки өстүрүү пайдасыз жумуш, тамеки жалбырагы өтөле арзан баада сатылып алынат. Ошондон аны өстүрүүгө кеткен чыгым жабылбайт. Айла жок Ош, Жалалабад облусунун дыйкандары баарына кайыл болуп Казакстандын талааларында иштешке мажбур.

«Президент түштүктө эмне милдеттерди чечти?» деп суроо коет шейшемби күнкү «Кыргыз туусу» гезити. Америкалыктар жашоону оңойм десең жол кургун дешет экен. Президент А.Акаевдин Бишкек-Ош жолунун оңдолгон жерлерин ачуу салтанатында сүйлөгөн сөздөрүнүн негизги лейтмотивин мына ушул идея түздү, деп белгилейт гезит кабарчысы.

Басылманын жаңы санында педагогика илим кандидаты «Алиппе» китебинин автору Сулайман Рысбаевдин маеги жарыяланган. Анын ырасташынча, эгемен өлкө өзүнүн улуттук дөөлөттөрүн жаңы муундун эс-акылына сиңирип, таалим-тарбияны ошого негиздеп жүргүзүшү керек.

Президент А.Акаевдин иш сапары тууралуу кеңири маалыматтарды шейшембидеги «Слово Кыргызстана», «Эркинтоо» гезиттери да жарыялады.

Бир жума бою жааган жамгырдан улам күкүктөп кирген сайлар кыйла тартылып, коркунуч артта калганын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жарыялады.
XS
SM
MD
LG