Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

УКРАИНАДА ДАГЫ ОТУЗДАН АШУУН ШАХТЕР КАЗА ТАПТЫ


Дүйшөмбүдө кечинде Украинанын Донецк облусундагы шахтада газ жарылып, бөөдө ажал отуздан ашуун кенчинин өмүрүн алды. Бул окуя – акыркы 2 жыл ичинде Украинадагы көмүр кендеринде болгон кыямат кырсыктардын эң ириси болуп калды.

Алгачкы маалыматтар боюнча, жер астында 500 мертдей тереңдикте "Краснолиманская" шахтасында жарылуу болгон чакта ал жерде 50гө чукул адам иштеп жаткан. Украинанын өзгөчө кырдаалдар министрлиги шейшембиде кечке маал 31 шахтердун өлүгү жер астынан алынып чыкканын, дагы онго жакын кишинин дайыны тактала электигин билдирди. Өткөн түндөн бери 12 адам өз алдынча жер үстүнө чыгышкан. Куткаруучулардын аракеттерин кенде жарылуудан кийин башталган өрт татаалдаштырууда.

Украин өкмөтү "Краснолиманскаядагы" кырсыктын кесепеттерин жоюуга 2 жарым миллион гривен, же 470 миң долларга жакын акча бөлүштүргөнү маалымдалды. Шейшембиде куткаруу иштерин өз көзү менен көрүш үчүн Донецктеги шахтага премьер-министр Виктор Ванукович баштаган делегация барды.

Бул кырсык – Украинадагы шахталарда соңку 10 жыл ичинде улам кайталанып келе жаткан дагы бир трагедиялуу окуя болуп калды. Ырасми маалыматтар боюнча, 1991-жылдан бери Украинадагы көмүр кендеринде өлгөн шахтерлордун саны 4000 адамга жакындады. Президент Леонид Кучма мурдагы жылы дагы бир жарылуудан 35 кенчи өлгөндө: "ушундай кымбат баага табылган көмүрдүн бизге кереги жок, бардык кооптуу шахталар жабылат," деп жарыялаган. Бирок ушул күндө да Украинанын чыгыш облустарында жер астындагы уулуу метан газына жыш толгон, жабдуулары эбак эскирген көмүр кендери – элдин жанын бактырып жаткан негизги тармак бойдон кала берүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG