Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

«АЙЫЛ ӨКМӨТҮ», ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИ, ТҮБӨЛҮК ДОСТУКТУН БААСЫ


«Айыл өкмөтү» көркөм тасмасы мактоого арзууда. Президенттик акимчилик жетекчисинин орунбасары жаңы Салык кодекси тууралуу кенен маек курган. Казакстан элчиси өлкөсүнүн аймагы аркылуу өтүүчү Кыргызстан унаалары үчүн ушул жылдын 9-июлунан тарта жеңилдиктер алынып ташталганын маалымдады.

Өткөн жылдын соңунда кол коюлган эки өкмөт ортосундагы келишимдер аткарылбай жатышынын себеп-жөнүн Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өмүрзак Өзбеков ачыкка чыгарганын бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити маалымдады.

Басылманын ырасташынча, Ысыккөл боюнда Казакстандын 6 эс алуу, Өзбекстандын 5 эс алуу үйлөрү жайгашкан. Нарын-Сырдарыянын суу-энергетикалык байлыгын биргелешип пайдалануу, Көл боюндагы 4 эс алуу жайын Казакстандын менчигине өткөрүп берүү боюнча макулдашууда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбагандыктан, расмий Астана кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн жеңилдикти алып салган.

Казак элчиси Кыргызстан тарап Өзбекстандан келаткан газды орто жолдон буруп кетип атканын билдирип, «Кыргызгаз» 9 миллион доллар карызын эмдигиче төлөй электигин айткан. Казакстандын Ысыккөл жээгиндеги 4 эс алуу үйүн менчик катары таануу жөнүндөгү өкмөттүк келишим чаласабат жазылган. Жадесе келишим кайсы күнү түзүлүп кол коюлганы да көрсөтүлгөн эмес, деп маалымдайт «Общественный рейтинг» гезити.

Президент А.Акаев Эрнис Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтү» көркөм тасмасын канааттануу менен көргөнүн бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады. А.Акаев президент болгондон бери элди дайыма алга үндөп келатканын белгилеп, көркөм тасмада да ошондой идея үстөмдүк кыларын билдирген.

Гезитте Анара Солтоеванын «Түбөлүк достуктун бурчтары» деген макаласы жарыяланды. Анда кыргыз-казак экономикалык байланыштары жайында сөз жүрөт. Кыргызстан түбөлүк достуктун талабын ойлоп, Казакстан менен Өзбекстанга сууну убагында берип турат. Быйыл кышта Шардара суу сактагычы оор жагдайга капталганда Кыргызстан коңшулардын абалын жеңилдетиш үчүн колдон келген аракетин жасады. Казакстан аймагы аркылуу өтүүчү унаалардан алынчу акы өлчөмүн көтөргөндөн башкага жарабады, дейт гезит автору.

Гезитте жаңы Салык кодексин даярдоо комиссиясынын төрагасы Болот Жанузаков менен маек жарыяланган. Анын айтымында, жаңы кодексте салык өлчөмдөрү баштагы калыбында калганы менен, аны чогултуу кыйла ачык, так белгиленген. Жаңыланган Салык кодекси аркылуу биз жаңы доорго өтөбүз, деп жазат Б.Жанузаков.

Жума күнкү «МСН» гезитинде Елена Скородумованын «Отургузууга болбойт, бошоткула» деген макаласы жарыяланууда. Анда автор Феликс Куловдун түрмөдөн чыгышы чоң саясий проблемага айланып атканы тууралуу кеп кылат. Бошонууга убакты-сааты келген «Арнамыс» партиясынын жетекчиси эгер кайрадан тоскоолдук болсо ачкалык жарыялай тургандыгын билдирген.

Басылмада Юрий Груздовдун «Бул жерде чымчыктар чырылдабайт, дарактар өспөйт» деген макаласына орун берилген. Кийинки кездери экологиялык кырсыктар, айрыкча суу ташкын, жер көчкүлөрдүн көбөйүп баратканын баяндаган автор анын кесепеттерин жоюу оголе көп акча каражаттарын, киши күчүн талап кыларын маалымдайт. Көл жээгиндеги мурунку социализмден калган үйлөрдү айрым чиновниктер кантип пайдаланып атканы Людмила Жолмухамедованын макаласында баяндалат.

«Кыргыз руху» гезити окурмандарына кандай макалаларды сунуш кыларын басылманын башкы редакторунун орунбасары Уулкан Токторалиева айтып берет:

- Депутат Орозбек Дүйшеевдин «Кыргыздын алтыны кимдерди байытып атат?» деген макаласында Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү кемчиликтер тууралуу сөз болот. Ошондой эле бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын маегинде Карабалта тоо-кен комбинатына Германиядан келчү таза уран куюлган идиштерди кайра иштетүү долбооруна каршы ой айтылат. Маркум Чыныбек Алиевдин атасы Тукеш Алиевдин эскерүүсү жарыяланды. Түштүктөгү жолдор тууралуу макалабызга да орун берилген.
XS
SM
MD
LG