БИШКЕК. Эртең Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын алтынчы отуруму болот. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында соода-экономикалык, суу-энергетика, экология жана туристтик кызмат боюнча маселелер каралат. Комиссиянын төрагасы Кыргызстандын Евразия экономикалык кызматташтык уюмундагы вице-премьер даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов, Өзбекстан өкмөт башчысынын орун басары Руслан Юнусов жетектейт.