Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Америкага каршы жаңы кол салуулар жасалышы ыктымал


Бул тууралуу Кошмо Штаттардын 11-сентябрдагы теракттарды иликтөө боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы билдирди. "Биздин максат – болочок кол салууларды алдын алуу. Биз менен сүйлөшкөн эксперттердин баары 11-сентябрдагыдан да күчтүү чабуул жасалышы мүмкүн деп жатышат. Алакан жайып күтүп отурганга убакыт жок. Бардыгына даяр болушубуз керек", - деди улуттук комиссия башчысы Томас Кейн. Бейшембиде жарыяланган отчетунда улуттук комиссия АКШнын азыркы жана мурунку бийликтерин "Ал-Каиданын" күтүүсүз кол салуусуна каршы жетиштүү күрөш жүргүзгөн эмес деп сынга алган.

XS
SM
MD
LG