Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:34

АЯЛДАР ЧЫР-ЧАТАКТАРДА ЭРКЕКТЕРДИ САБЫРДУУЛУККА ЧАКЫРЫШЫ КЕРЕКПИ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Илгери Кавказда аял ак жоолугун таштап койсо, урушуп жаткан эки эркек мушташканын токтотчу экен. Кыргызда «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген макал бар. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен Жалалабадда өткөн талкууда Фергана өрөөнүндөгү бийликтер чегараны тактоону, мина коюуну, суу, жер маселелерин элден сурабай чечээри айтылды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму кубаттаган талкууну Кыргыз илимдер академиясынын түштүк бөлүмүндөгү коомдук институт менен «Жаңжал чыгаар алдында жана чыр-чатак учурунда аялдардын милдети» деген долбоордун жетекчилиги уюштурду. Долбоор башчысы Светлана Гафарованын пикири боюнча өлкөнүн бул аймактарында аялдар тең укуктуу эмес:

- Аялдар дайыма каршылашкан эки тарапты жараштыруучу сапатка ээ. Бирок жогорку деңгээлде чечим кабыл алынаарда эркектер биздин ой-пикирибиз менен эсептешпейт. Ошондуктан биз - ак жоолукчандардын элдештирүүчүлүк касиеттерин алардын өздөрүнө үйрөтүүнү максат кылдык .

Фергана өрөөнүндөгү бийлик саясий амбиция менен пикирлери келишпегендиктен чегара тактоо, жер, суу, жайыт бөлүштүрүү, кыргыз-өзбек тилкесине мина коюу маселелеринде коомчулук менен эсептешкен жок. Мындай жагдай чоң жаңжалга өбөлгө болушу мүмкүндүгүн журналист Жалил Сапаров эскертти:

- Чегара тосулганда, мина коюлуп, суу бөлүштүрүлгөндө Фергана өрөөнүндөгү бийликтегилер элден сурабай эле өздөрү чечип коюп жатышат.

Жалалабад шаарынын вице-мэри Фарида Жолдошеванын ою боюнча үй-бүлөдөн башталган майда жаңжалга да көзөмөл керек:

- Майда конфликттер үй-бүлөдө бар. Ал көрүнбөй-билинбей жүрүп, тутанып кетиши мүмкүн. Биз ошондой кичинекей чатактарды да болтурбоого аракет кылышыбыз зарыл.

Эки күндүк талкуунун жүрүшүндө Жалалабад, Ош, Баткен аймактарында иштөөчү аял-медиаторлордун үч тобу түзүлдү.

XS
SM
MD
LG