Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

ФУ-ЙУЛУК КЫРГЫЗДАРДЫН УЛАМЫШТАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫЙ МААНИСИ


Кытай Эл Республикасынын Фу-йу уездинде жашап аткан кыргыздардын этникалык тобунун, алатоолук кыргыздар менен туугандык жагдайын билиш үчүн алардын уламыштарын кылдат талдоо зарыл.

Азыркы илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы көрсөткөндөй, уламыштар элдин тарыхый эс-тутумунун далилдүү көрсөткүчү деп эсептелет. Мындай уламыштар элдин эсинде 250-300 жыл мурун өткөн тарыхый окуяларды өзгөрүүсүз сактап калууга жөндөмдүү. Илимде фуйулук кыргыздар деп кабыл алынган энесайлык кыргыздар 18-кылымдын башталышында кытайлар тарабынан Маньчжуриянын чыгышына көчүрүлгөн. Азыркы Фу-йу уездинин Санжазы кыштагында жашаган Доюр Забу деген кыргыз адамдын айтуусунда эки уламыш жазылып алынган. Эки уламышта тең кыргыздардын ата-бабалары мурда Алтай, Каңгай тоолорунда жашап, буга чейин 300 жыл чамасында Фу-йуга көчүрүлгөн деп айтылат.

Фуйулук кыргыздардын уламыштарынын кыскача маалымдоо сюжетинде Йовгун мерген деген кыргыздын агасын бошотуп алыш үчүн Кытай падышасына барганы, асманда учкан кушту атып алганы жана ченемсиз зор адам болгондугу кабарланат.

Эми фуйулук кыргыздардын уламыштарында, алатоолук кыргыздардыкындай уламыштык жакындык барбы деген суроонун жообун тарыхчы Рыскул Жолдошевден угуп көрсөк:

- Кыргыздардын Маньчжурия жергесине кантип барып калгандыгы тууралуу өздөрү мындай деп баяндашат: "биздин бир баатыр кытайлар менен согушуп, алардан жеңилип калып, ушул жерге келген. Ошолордун бирин Йовгун мерген деп аташат. Ал жөө келип өзүнүн туугандарын, агасын издеп Кытайдын падышасын өзүнүн күчү менен сүрдөнтүп отуруп, анан Кытайдан кайра кайткан экен. Ушундай эле фольклордук мотивде биздин кыргыздарда дагы айтылат. Кыргыздын "Томук алп" деген легендасында биздин кыргыздар саяк уруусунан чыккан Томук деген алп өзүнүн Жанболот деген тууганын издеп, аны ат көтөрө албагандыктан жөө барып, өзүнүн күчүн көрсөткөн. Жалпысынан айтсак, окшоштуктар өтө көп. Ушунун өзү фуйу кыргыздар менен алатоолук кыргыздар качандыр бир кезде түбүндө бир эл болгондугун, бир этносту түзүп тургандыгынын мисалы болуп көрсөтө алат.

Арийне, фуйулук жана алатоолук кыргыздарды жүздөгөн жылдар болгон мезгилдик жана арасын миңдеген чакырым ажыраткан мейкиндик таасирине карабастан, алардын этногенетикалык тамыры бир экендигин жогоруда келтирилген уламыштар айгинелейт.
XS
SM
MD
LG