Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Суданда куткаруу армиясы эл аралык кийлигишүүнү чакырды


Армиянын маалымат катчысы Судандын батышындагы Дарфур аймагындагы ачарчылыкка, кыргынга жана чабуулдарга байланыштуу Бириккен улуттар уюмун, Америка Кошмо Штаттарын, Европа биримдигин жана Африка биримдигин аракет көрүүгө үндөдү. Бирок Судандын тышкы иштер министри Мустафа Исмаил сыналгыдан жасаган билдирүүсүндө эл аралык кийлигишүүгө убакыт боло элек деп ырастады.

Евробиримдиктин тышкы саясатын тейлеген Хавиер Солана бүгүн Мустафа Исмаилге жолугуп, согушчандарды куралсыздандырууга чакырган. Осман ошондой эле Дарфурдагы массалык кыргынды аймактын кара түстүү тургундарына каршы "геноцид" деп мүнөздөгөн Кошмо Штаттарын сынга алды.

Бириккен улуттардын эсебинде араб согушчандары Дарфурда аз эле дегенде 30 миң кишини өлтүрүп, бир жарым миллионун үйлөрүнөн кууп чыкты. Уюмдун маалыматтарына ылайык, аймакта киши өлтүрүү, аялдарды зордуктоо жана каракчылык уланууда.

XS
SM
MD
LG