Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Иракта Пакистандын эки атуулу дайынсыз жоголду


Пакистан эки атуулунун барымтага алынганы болжолдонуп жаткандыгын билдирди. Пакистандык жумушчулар жума күнү жоголгон эле. Ушул эле күнү египеттик дипломатты уурдап кеткенин бир экстремисттик топ жарыялады.

Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында белгисиз куралчандар беш кишини атып кетишти. Полковник Сахрад Кадырдын Ассошиэйтед Пресске билдиришинче, өтүп бараткан машинадан аткылоодо ирактык полициячы жана АКШны колдогон Курдистандын Патриоттук союзунун куралчаны окко учту. Кол салгандар ошондой эле бир күрттүн үйүн аткылаганда, бир аял эки баласы менен курман болуп, кызы жараат алды.

XS
SM
MD
LG