30 жыл бою Стивен Хоукинг аалам жана физиканын негизги мыйзамдарын жокко чыгарып келген.
Кембриж университетинин окутуучусу Стивен Хокинг “Мезгилдин кыскача тарыхы” аттуу китеби менен белгилүү. Ал ааламдын келип чыгышын жана түзүлүшүн иликтеген космос таануучулардын эң атактуусу болуп калды. Ага айтылуу Исаак Ньютон иштеген бөлмөдө илимий иликтөө жүргүзүү сыймыгы тийгени да маалым. Айтмакчы, майыптардын арабачасы менен гана жүрө алчу Стивен Хоукинг эл менен компьютердеги сүйлөө синтезатору аркылуу гана сүйлөшө алат.
1976-жылы Стивен Хокинг нурун бүркөп бүткөн жылдыздар башкача бир жылуулукту бөлүп чыгарат жана пайда болгон кара тешик нурланууну бөлүп чыгарат, ал баардык нерсени жутат жана артка кайтарбайт деп тастыктап чыккан. Хокингдин бул парадоксалдык жоромолу илимдеги калыптанган жоболорго каршы келгенине карабай ал келтирген далилдер дүйнө окумуштууларынын бир кыйласын ынандырган. Ал эми так илимге гана ишенген илимпоздор алигиче буга жооп издеп келаткан болчу.
Өткөн аптанын шаршемби күнү Дублинде өткөн эл аралык илимий жыйында Стивен Хоукинг жүздөгөн окумуштуулар алдында мындай билдирүү жасады:
- Мен теориялык физикадагы башкы маселени чечкенимди билдиргим келет. 30 жыл мурда жылуулук чачкан кара тешик жөнүндө айткандарымдын тегерегинде сөз бомокчу. Кара тешикке кирген заттардын баары жоголот деген маалыматтын өзү жокко чыктыбы, кеп ушунда.
Кембриж университетнинин профессору Жерри Гилмор бул аалымдын сөзүн "Азаттык" радиосу үчүн мындайча чечмелеп берди:
-Мындан 30 жыл илгери Стивен ааламда заттар жоголбосун көрсөткөн. Алар убактылуу гана жоголот экен. Андан соң алар жылуулук бүркүмү болуп кайтат экен. Ар кандай заттар, балким планета болушу мүмкүн, балким киши же алма болуп калышы ыктымал. Баары тең ал кара тешикте бизге белгисиз кара материя деген кубулушка айланып кетиши ыктымал. Канча бир убакыт өткөндөн кийин жылуулук катары кайрадан пайда болот экен.
Дублиндеги жыйында Стивен Хоукинг кара тешик жуткан энергия менен заттар биротоло жоголбостон бир аз башкача касиетке ээ болуп кайра ордуна келерин маалымдады:
- Классикалык теорияда бул маалыматтын жоголушу анчалык деле чоң маселе эмес болчу. Кара тешик заттарды дагы эле соро берет, ал эми ал жөнүндө маалымат бизге бүдөмүк бойдон кала бермек. Азыр эми кырдаал өзгөрдү, мен кара тешик бир калыпта жылуулук чыгарарын аныктадым,- дейт Стивен Хоукинг.
Кембриж университетинин профессору Гилмор Хоукингтин бул билдирүүсүнүн илим үчүн маанилүү деп мүнөздөйт. Гилмордун айтымында, бул жаңы билдирүү физикадагы кванттык мыйзамдар менен мехиникалык дүйнө ортосундагы логикалык байланышты ачат:
- Бу гипотеза, бул теорияны Стивен бардык нерсенин гипотезасы деп койот. Бул идея ааламдагы кубулуштарды түшүндүрүш үчүн биз дагы ача элек физикалык теория жетишпей жатканында. Бул ачыла элек теория кванттык механизм менен байланыштырылышы керек.
Хокингдин 30 жыл бою жасап келген бүтүмү менен макул болбой, талашып келген окумуштуулардын бири Жон Прескилл болгон. Калифорниядагы Технологиялар Институтунун бул окутуучусу Хокинг акыры бир күнү өз катасын мойнуна аларына ишенчү. Прескилл болсо кара тешикке кирген заттардын баары кайра пайда болорун ырастаган окумуштуулардын бири.
Бирок Прескилл өзү Хоукингдин соңку илимий билдирүүсүнө башы маң болуп жатканын мойнуна алды. Демек, Хоукинг өзү жараткан талаш-тартышты соңку ачылышы менен деле жаба албайт сыяктанат.
Хоукингдин аалам сырлары боюнча бул жаңы көз карашы азырынча дүйнө окумуштуулары тарабынан тастыкталган жок. Физик илимпоздордун көбү Хокингдин кагазга түшүрүлгөн докладын колго алууну көздөп турганын билдиришүүдө.