Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:13

27-июлда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 27-июлда Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Айрым аймактарда абанын температурасы 37 градуска чейин көтөрүлөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36 градус ысык.
ТАЛАСТА түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34 градус.
Республиканын ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +19…+24 градус жылуу, ал эми күндүз +32…+37 градуска чейин ысыйт.
ЫСЫККӨЛ дубанында түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27.
НАРЫНДА түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31 градус.
Ордо калаабыз БИШКЕКТЕ күн ачык болуп, жумшак жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева менен Аманбек Дилденбай жана облустагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG